Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Өрт өчүргүчтөрдүн карыздары бериле баштады


БИШКЕК. 5-январдан тарта өрткө каршы күрөшүү боюнча мамлекетик кызматтын кызматкерлерине бир жылдан бери берилбей келаткан тамак-аш үчүн каражат төлөнүп бериле баштады. Бул багытта каржы министрлиги 1 миллион 300 миң сом бөлдү. Бирок бул каражат бир айлык карызды гана жабат. Ал эми жалпы суммасы 15 миллион сомдун тегерегиндеги карыздын калган бөлүгү быйылкы жылдын алгачкы кварталында төлөнүп берилээри болжолдонууда. Бул тууралуу чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан ушул эле күнү кабарлашты.

Өткөн жылдын 29-30-декабрында Бишкек шаарынын өрт өчүргүчтөрү бул карыздарды төлөп берүү талабы менен иш ташташкан. Алар менен чукул кырдаалдар министри Жаныш Рустанбеков жолугушуп, карыздар жаңы жылдын алгачкы кварталында берилээрин убада кылган соң, иш таштоо токтотулган.

XS
SM
MD
LG