Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

Сот Рысбек Акматбаевдин кылмыштык материалдарын иликтөөгө киришти


БИШКЕК. Биринчи май райондук соту оор кылмыш жасагандыгынан шектелген 9 адамдын ишин кароону 5-январда улантты. Айыптоочу тарап бул топту Рысбек Акматбаев башында турган кылмыштуу топ катары баалап жатат.
Бул күнү кылмыш ишине таандык материалдарды териштирүү башталды. Сотто маалымдалганга караганда, кылмыштык материалдар 23 томдон турат. Ошондуктан, адвокаттар бул иштин баарын карап бүтүү үчүн кеминде 20 күнгө чукул убакыт талап кылынарын болжоп жатышат. 27-октябрда башталган сот жараянында буга чейин күбөлөр жана айыпталуучулар суралды. Жабырлануучу тараптан өкүлдөр толук келбегендиктен, алардын дооматтарын сот толук уга элек.

XS
SM
MD
LG