Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:37

Америкадагы шахтадагы жарылуудан 12 шахтер аман калды деген кабар төгүнгө чыкты.


АКШнын Батыш Виржиниия штатындагы көмүр шахтасында дүйшөмбү күнү 12 шахтер өлдү, бирок аларды куткарууга баргандардын маалыматы туура эмес түшүнүлгөндүктөн, шахтерлор аман деген кабар тараган. Алардын туугандары ал маалыматты угуп, майрамдай баштаганда, шахтерлор өлгөнү тууралуу кабар келген жана шахта ээлери азыр туугандардан кечирим сурап жатат. Чындыгында он үчүнчү гана шахтер аман калган жана ал азыр ооруканада.

XS
SM
MD
LG