Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

Дагестанда орус аскерлери үч күндөн бери бир нече лашкер менен согушууда.


Дагестандын Унцукул деген тоолуу аймагында Орусиянын коопсуздук кызматынын аскерлери үч күндөн бери бир нече лашкер менен согушууда. Алар жер алдында казылган зинданда жашынууда жана аскерлер аларды абадан да, жердеги артиллерия менен дагы бомбалап жатат. Бир өкмөттүк аскер курман болду жана дагы эки аскер кечээтен бери дайынсыз жок. Канча лашкер жашынып жатканы так белгисиз, айрым маалыматтар боюнча, алардын саны отузга жетиши мүмкүн. Орус маалымат каражаттары билдиргенге караганда, лашкерлер кошуна Чеченстандан келген жана алардын бешөө өлтүрүлдү.

XS
SM
MD
LG