Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

КАТУУ СУУК КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРДЫ АПКЕЛДИ


Жыл башында Кыргызстандагы, айрыкча өлкөнүн түндүгүндөгү катуу суук кыйла кыйынчылыктарды апкелүүдө.

Катуу суук биринчи кезекте электр кубатын керектөөнүн көлөмүн өстүргөндүгүн “Электр станциялары” акционердик коомунун басма сөз кызматынын жооптуу кызматкери Наталья Орлова билдирди:

-Электр станциялары азыр болгон мүмкүнчүлүгү менен күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Суу электр станциялары да, жылуулук электр станциялары да! 3-январдан баштап электр энергиясын керектөө дароо 10 пайыздан ашыкка жогорулады. Ошол декабрь айына салыштырганда, өткөн жылдын ушу күндөрүнө салыштырганда. Андыктан, маселен, 5-январь күнү Кыргызстандын электр станциялары 65 млн. кВт/ саат энергия иштеп чыкты.

Кычыраган кыштын кыйынчылыктарына каршы күрөштү күчөтүп жаткандыгы жөнүндө Кыргызстандын күтүүсүз кырдаалдар министинин орунбасары Дыйканбек Жолчиев да сөз кылды:

-Жер-жерлерге күйүүчү, майлоочу майларды жеткирип атабыз. Бүгүнкү эле маалымат боюнча, Таластын Кичи-Капка деген жеринде дарыянын музу жарым метрге чейин көтөрүлүп, суу айылды каптай баштады. Кечээ Жайыл районунда водазабор тоңуп калып, эл ичүүчү суусу жок калган. Ошондой-ошондой жерлерге техникаларды, күйүүчү, майлоочу майларды тезинен жеткирип жатабыз.

Дыйканбек Жолчиевдин айтымында азыр Кыргызстан боюнча жолу жабылып калган ашуулар жок, бирок ошого карабастан кар көчкү, күрткүлөрдүн алдын алуу иштери жасалууда:

-Кар менен күрткүдөн жолдордун бөгөлүп калуусу күтүлүүдө. Ага карата азыркы ресурстарыбызды дагы бир тактап албасак болбойт. Кар көчкүлөр жүрүүчү убак да келип калды. Ошондуктан эртең тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун баарын чакырып, мурунку жылдардан бери иштеп келаткан кар көчкүгө каршы күрөшүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын өткөрөбүз Маалымат чогултуп, милдет бөлүштүрүп албасак болбойт.

Cууктун дагы катуулап бараткандыгынан ТЕЦтин резервдеги кошумча агрегаттарын ишке киргизүүгө камданып турушкандыгын Бишкек ТЕЦинин башкы деректир орунбасары Орозобек Тилекеев айтты:

-Төрт агрегат кошумча күч катары даярдалып коюлду. Эгерде суук дагы күчөсө ал төртөөнү дагы кошуп ишке киргизебиз. Азырынча сууну да, жылуулукту да жетишерлик эле деңгээлде берип жатабыз. Азыр сууктун күчтүүлүгүнөн суткесине 4,5 миң тоннага чейин жагып атабыз көмүрдү. Мындан көп жаккан учурларыбыз да болот. Быйыл көмүрүбүздүн сапаты жакшы. Казакстандан тартып келгенбиз. Ошон үчүн ушул суукту тоготпой турат окшойбуз

Соңку эки күн ичинде Бишкек шаарынын айрым райондорунда муздак суу токтоп калган учурлар да катталыптыр. Көңүл жайгарар нерсе, аба-ырайын маалымдоочу борбор январь айынын сегизи, тогуздарынан баштап суук кыйла кайтаарын божомолдоп жатат.

XS
SM
MD
LG