Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

УЛУТТУК ОЛИМПИАДА КОМИТЕТИНИН ПРЕЗИДЕНТИНИН ОРДУ ТАЛАШКА ТҮШТҮ


Кабыл Макешов, Бишкек 2004- жылдын декабрынан бери өлкөнүн Улуттук Олимпиада комитетинде так талашуу, бийлик кризиси башталган. Ошол учурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар олимпиадалык Хартия, Уставды бузуу менен 13 жылдан бери УОКту түптөн Эшим Кутманалиевдин ордун ээлеген. Өлкөдөгү ыңкылаптан бери бул уюмдун жетекчилери үч ирет алмашты.

Өлкөдө 24-марттагы ыңкылаптан кийин Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Айдар Акаев ата-энеси менен качып кеткендиктен, былтыр 30-мартта уюмдун чукул чакырылган конференциясы өтүп талаш-тартыш менен Эшим Кутманалиев кайрадан шайланган. «Ушул Конференция дагы мыйзам бузуулар менен өттү, Эшимге ишеним көрсөткөнбүз» деген УОКтун айрым мүчөлөрү спорт федерацияларын чогултуп, өздөрүнчө жаңы Олимпиадалык комитет түзүп, анын президенти кылып Жогорку Кеңештин депутаты, спорт ардагери Аскар Салымбековду шайлаган.
Ошол учурда өлкөдө УОКтун үч президенти: кызматын тапшырып, арыз жазбаган Айдар Акаев, өз ордун кайра ээлеген Эшим Кутманалиев жана жаңы уюмдун жетекчиси Аскар Салымбеков болуп, олимпиадалык кыймыл кризиске туш болгон. Бирин-бири тааныгысы келбей, меники туура деп тирешүү башталган.

Былтыр жайында Улуттук Олимпиада комитетине президент болуп шайланган Жогорку кенештин депутаты Баяман Эркинбаев үч ай гана иштеди. Ал эл аралык олимпиада комитети менен таанышып, кызматташууга бел байлап жатканда 22- сентябрда үйүнүн жанынан атылып өлтүрүлдү. Ошондон бери спорт, УОК саясатка аралашып кетти деген пикирин билдирүү менен Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Алмаз Касенов мындай деди:
УОКтун президентинин орду өтө эле саясатташып, талашка түшүп кетти. Себеби бул орунга кудалангандар арбын.


Эми Баяман Эркинбаевдин ордуна УОКко ким президент болот, ким татыктуу, ким олимпиадалык кыймылды алдыга сүйрөп кете алат деген суроолор жаралып спорт коомчулугун түрдүү имиштер аралап жүрөт. Анын үстүнө бул УОКтун жетекчилигинин орду саясый эл аралык кадыр-барктуу орунга айланып, өтө эле саясатташып да кетти.
Учурда УОКтун президенттигине кызыккандар арбын.
Алардын катарында дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиев, ЖК депутаттары Аскар Салымбеков,Камчыбек Жолдошбаев, фехтования федерациясынын президенти Рысбек Акматбаев жана грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Азиянын эки жолку чемпиону Раатбек Санатбаев болуп 20дан ашуун спорт ардагеринин аты аталып жатат. УОктун президенти болуш үчүн бир спорт федерациянын жетекчиси жана улуттук олимпиада комитетинин мүчөсү болуу шарт. Ошондой эле УОКтун жаңы шайланчу 45 мүчөсү өзүн президенттикке көрсөтүүгө акылуу.

5-январдагы УОКтогу жыйындын жүрүшүн, күн тартибин тууралуу талкуу жүрүп жаткан маалда өлкөнүн дене тарбия жана спорт агентигинин аппарат башчысы, Кыргызстандын кичи футбол ассоциациясынын башкы катчысы жана чөп үстүндөгү хоккей федерациясынын президенти Кадырбек Атакараев эсин жоготуп, каза болуп калды.

Эл аралык олимпиадалык хартияга ылайык жаңы Устав иштелип чыккан, аны тез арада кабыл алып, жаңы мүчөлөрүн шайлоо өткөрүлбөсө Кыргызстанды мүчөлүктөн чыгаруу маселеси каралышы мүмкүн экендигин УОКтун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Айбек Сүйүнтбеков белгиледи:
-Учурда 13- январга чейин жаңыртылган Уставды кабыл алып, жаңы 45 мүчөнү шайлап, алардын тизмесин Эл аралык олимпиада комитетине жөнөтпөсөк, анда Кыргызстанга финансылык жардам болбойт. Ал түгүл бизди ЭОК мүчөлүктөн чыгарып салуусу, 2006- жылкы Катардагы 15- Азия оюндарына жана 2008- жылкы Пекин олимпиадасына катышпай калуубуз мүмкүн. ЭОКтон чыгыш оңой, ага кайра мүчө болуп кирүү кыйын... Ал эми Рысбек Акматбаев өлкөнүн фехтования федерациясынын президенти болгондуктан, УОКтун мүчөсү. Өз талапкерлигин президенттикке азырынча көрсөтө элек.

Ушунун баары улуттук олимпиада комитетинин президентинин ордун талашуудан башталып, мыйзам бузууларга жол берилип жатканын, ушундай талаш-тартыштын айынан спортчулар жабыр тартып жатканын өлкөнүн көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Темир Дүйшекеев айтты:

-Улуттук олимпиада комитетинин мурдакы жетекчилери өз жакындарын мүчөлүккө шайлап, ишмердүүлүгүн жашырып келишкен. Азыркы жетекчилери деле алардан кем калбайт. Жаңы уставды федерацияларга бир ай мурда берип, алардын сунуштарын да эске алуу менен кеңешип- талкуу өткөрүү менен кабыл алуу керек болчу. Булар жыйын башталаарына 10-15 мүнөт калганда таратып берип, ал түгүл окуп чыга электе кабыл алалы дегени мыйзамга сыйбайт. Эл аралык олимпиада комитети эгемендүү өлкөнүн иш- аракеттерине кийлигише албайт. Алар олимпиадалык хартиянын негизинде гана уставдын долбоорун сунуш кылууга акылуу. Ошол долбоордун негизинде эл аралык тартиптин алкагында улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргызстандын уставын алымча- кошумчалардын негизинде кабыл алуубуз керек. Бардык башаламандыктар ушул уставдын чийкилигинен чыгып олтурат.


Улуттук олимпиада комитетинин өзгөртүлгөн жаңы уставын талкуулап, кабыл алуу жана жаңы 45 мүчөсүн шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылып, эл аралык олимпиада комитетинин адистери Кыргызстанга келүүсү күтүлүп жатат.
XS
SM
MD
LG