Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

К. Байболов: «Референдум кризиске алып келет»


Бишкек. Конституциялык реформаны референдум жолу менен өткөрүү кризиске алып келиши мүмкүн. Мындай пикирин Демократиялык күчтөрдүн биримдиги партиясынын тең төрагасы Кубатбек Байболов 6-декабрда билдирди: «Эгерде конституциялык реформаны тынч жол менен өткөргүбүз келсе, анда президент өзү Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгып, аны парламент кабыл алышы керек. Ушундай жол менен конституциялык реформаны өткөрүү керек. Ал эми референдум өткөрсөк, өлкөдө кризистик абал пайда болушу мүмкүн» , - деди Кубатбек Байболов. Президенттин 5-декабрдагы жарлыгы менен Кыргызстанга кандай мамлекеттик башкаруу системасы керек деген маселени тактоо үчүн референдумду өткөрүүнү Президент К. Бакиев ушул жылдын аягына белгилеген.

XS
SM
MD
LG