Христиан дининдеги көпчүлүк жамаат, анын ичинде католиктер, Ыйсанын туулган күнүн жаңы григориан календары боюнча 25-декабрда белгилейт. Соңку мезгилдерде айрым православ чиркөөлөрү да аталган майрамды жаңы календардын негизинде белгилей баштаган.
Мында Болгариянын, Польшанын, Кипрдин жана Грекиянын православ чиркөөлөрүн эске алса болот.
Орусияда да григориан календары 1918-жылы киргизилгени менен жергиликтүү ортодокс христиандарынын диний жетекчилиги жылды жаңыча эсептөөгө өтүүдөн баш тартып Ыйсанын туулган күнүн же Рождество майрамын, азыркыга чейин эски - юлиан календары боюнча белгилеп келатат.
6-январдан жетисине караган түнү Орусиядагы дээрлик бардык православ чиркөөлөрүндө майрамдык диний жөрөлгөлөр өттү. Москванын өзүндө эле мындай чиркөөлөрдүн саны 600дүн тегерегинде.
Орусиянын негизги православ чиркөөсү Христос сактоочунун храмында жөрөлгөнү Москвалык жана жалпы орус патриархы Алексий Экинчи алып барды. Ал ошондой эле жалпы православдарды майрам менен куттуктады:
- Биздин жашоодо дагы көптөгөн кыйынчылыктар калып жатканы менен элибиздин тарыхында көп ирет өзүнөн кабар берген Кудайдын күчү мекенибиздин кайра жанданышына жана анда жыргалчылык болушуна ишеним жаратат.
Жөрөлгө адаттагыдай эле миңдеген адамдардын, алардын ичинде, айрым саясий жетекчилердин катышуусунда өттү.
Анткен менен мамлекет башчысы Владимир Путин бул жолу да Рождествону Москвада тоскон жок. Ал бул учурда Сахага (Якутияга) сапар менен барган эле. Президент да орус православ чиркөөсүн, жалпы атуулдарды майрам менен куттуктап, «соңку жылдарда Орусиянын атуулдарынын аракеттеринде Рождествонун да позитивдүү таасири байкала баштады» деп белгиледи.
Орусиядан сырткары бул күнү «Рождествону» Иерусалимдеги, Сербиядагы, Грузия, Казакстан, Кыргызстан сыяктуу айрым КМШ мамлекеттериндеги православ чиркөөлөрү да белгилешти.