Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

ЖАЛАЛАБАТТЫН 2005-ЖЫЛКЫ МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛГАН ЖОК


Жыл жаңырганда Жалалабат облусунда облустагы мыкты адамдар аныкталчу. Бирок, облустагы маалымат каражаттары, коомдук уюмдар өтүп кеткен жылы мыкты адамдарды атоодон эмнедегедир баш тартышты.

«Атын атаса, куту сүйүнөт» дегендей, бийлик алмаштырууда аялдардын эмгеги өлчөөсүз. Бирок, өкмөттө жалгыз аялдан башка парламентте Каныкей энебиздин сиңдилери көрүнбөйт. Аялдардын мээнети акталбай, облустагы кыз-келиндерди зордук-зомбулук, кордуктан сактап келаткан «Каниет» кризистик тобунун башчысы Жанна Саралаеванын айтымында гендер маселеси унутта калды:

- Гендердик маселеге көңүл бурулбай жатканы, аялдар бийликке аралаша албай жатканы өкүнүчтүү. Колунан келген эжелер абдан көп. Биздин саясатта ушул нерсеге көңүл бурулбаса аялдарды чыгарыш дагы деле кыйын болот го.

Жылда мыкты адамдарды элге угузган облустагы маалымат каражаттары быйыл ал адаттан баш тартты. Анын себеби обулустук сыналгы атаган адамдарды коомчулуктун кабыл албай жатышында. Эне, сүйүктүү жар болуу менен өз ишин мыкты аткарган аялдардын атын жергиликтүү бийлик менен коомчулук атаса, облустук сыналгы элге көрсөтмөк:

- Ошол жамааттар көтөрүп чыгып, анан бизге сунуш кылса туура болмок. Ал эми демилге биз тараптан чыкканда эл кандайдыр ишенбегендей, жердешчиликке, тааныштыкка, тууганчылыкка барды деген пикирлер пайда болот - дейт ЖТРдын төрагасы Ырысбек Зулумбеков.

“Жаңы Кыргызстан” партиясынын областтык уюмунун төрагасы Ашым Чатаев арасына бир аялды кошпой, өткөн бийликтин камчысын чапкан он үч чиновникти «мыкты» атаган «ЭЛТР» телеканалына нааразы. Ыңкылапта тирүү калканч болгон энелер четте калды:

- Революцияда эң алдыда аялдар турду. Кайсы жерде болбосун аялдарды бетибизге кармайбыз дагы, саясатка келгенде четтетип коебуз, эске ала турган кезде такыр эске албайбыз аялдарды. Облустук, республикалык деңгээлдеги кызматтарга аялдарыбыз тартылбай атат бүгүнкү күндө.

Облуста мыкты жаштар, аялдар миңдеп саналат, бийлик аларды элге тааныштырбай кемчилик кетиргенин губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбанов мойнуна алды:

- Биздин Жалалабат облусунда алдыңкы аялдар, эркектер, жаштар, кыздар бар. Чет мамлекеттен инвесторлорду тартып келген миллиондогон акчаларды алып келген жаштарыбыз, аялдарыбыз бар.

Мыкты айымдарды аныктоого өлкөдөгү саясий толкундоолор тоскоол болду. “Калемгер кыздар” бирикмесинин башчысы Бактыкан Ажымаматова ар тармакта устаттар жетиштүү экенин айтты:

- Элдик революциянын таасиринен деп ойлойм. Анткени революциядан кийинки тополоңдорду көрүп аттык. Биздин жетечиликке, ар бир тармактын жетекчилигине тескери таасирлерди берип атты.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG