Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Түркияга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери келээри күтүлүүдө


Түркиянын чыгышындагы Ван провинциясына бүгүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун экперттери келмек, бирок аба ырайы бузулгандан, алар кечигип жатат. Акыркы бир аптанын ичинде бул провинцияда куш ылаңын жугузуп алган үч өспүрүм каза болду, алар канаттуулар фермасында иштеген. Дагы 32 адам ооруканага жаткырылды жана алар тыкан текшерилүүдө. Эксперттер изилдеген негизги маселе - оору адамдан адамга жугабы, же ал оорулуу канаттуулардан гана адамга өтө алабы. 2003-жылы Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринде бул жаңы оорудан жетимишке жакын адам өлгөн, бирок башка өлкөлөрдө буга чейин адам өлүмү катталган эмес.

XS
SM
MD
LG