Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:30

Израилдин премьер-министри азыр ооруканада эс-учу жок жатат


Израилдин премьер-министри Ариел Шаронго кечээ күнү Йерусалим шаарында дагы бир операция жасалды жана ал азырынча эсине келе элек. Акыркы төрт күндүн ичинде анын мээсине эки жолу кан куюлду жана эксперттердин айтымында, айыкса дагы, ал эми саясатка кайтып келе албайт. Йерусалим шаарындагы Ариел Шарон жаткан Хадасса деген ооруканада анын мээсине ишемби күнү дагы бир жолу компьютердик томография жасалды жана анын жыйынтыктары мурдагыга караганда жакшы болуп чыкты. Анткен менен оорукананын деректири Шломо Мор-Йосефтин айтымында, абал баары бир оор:

-Томография жыйынтыктары кечээкиге караганда жакшы болгону менен, мен айтаар элем, премьердин абалы баары бир оор, - деп билдирди доктур 7-январда.

XS
SM
MD
LG