Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

АЖЫЛЫК ЖАНА КООПСУЗДУК


Меке шаарындагы кырсыктан каза болгондордун саны 80 кишиге жакындады. 5-январда зыяратчылар жайгашкан жатаканада өрт чыгып, имарат урап түшкөн эле. Өлкөнүн ички иштер министрлиги каза болгондордун саны дагы өсүшү ыктымал деп маалымдады.

Быйыл ажылыкка 2 жарым миллионго жакын зыяратчы барат деп күтүлүүдө. Сауди Арабиянын бийлиги үчүн бул чоң сынак болмокчу. Дүйнөнүн булуң-бурчунан келген мусулмандар тамак-аш, мейманкана, башка эң керектүү нерселер менен камсыздалууга тийиш.

Миллиондогон киши топтолгон жерде, албетте, ар кандай кырсыктар, өрт, жугуштуу орулардын пайда болуу мүмкүнчүлүгү өтө жогору.

Айткандай эле, 5-январда Мекеде зыяратчылар жайгашкан жатакана урап, бир нече адам каза тапты:

- Имарат көчөгө кулап, ал жердеги зыяратчыларды басып калды. Бир мүнөткө жетпей тез жардам машиналары келе баштады, - деп сүрөттөшөт кырсыкты күбөлөр.

Расмий маалыматка ылайык кеминде 76 киши каза болду, 60тайы жараат алды. Урандылардын алдында дагы адамдар болушу ыктымал деп болжолдонууда. Айрым кабарларга караганда, 30 жыл илгери курулган имаратка өтө көп адам жайгаштырылган.

Сауди бийлиги быйыл Меке жана диний жөрөлгөлөр өтө турган башка ыйык жерлерге 60 миңге чукул коопсуздук кызматкерин, чукул кырдаалдар боюнча 10 миң адисти, ушунча эле өрт өчүргүчтү жана 3 миң медициналык кызматкерди жиберди.

Саудиялык “Arab News” гезитинин редактору Файзал Алинин пикиринде быйыл коопсуздук чаралары мурдагы жылдарга караганда абдан күчөтүлгөн:

-Мина, Арафат жана Муздалифахта 60 миң полициячы даяр турат. Өкмөт күтүүсүз кырдаалдарды болтурбоо үчүн бардык чараларды көрдү.

Ажылык дүйнөдөгү эң массалык иш чара болуп эсептелет. Быйыл падышалыктын бийлиги виза берүү жана өлкөгө кирип чыккан чет элдик жарандарды каттоо системасына өзгөртүү киргизди. Мекеге биринчи жолу келип жаткан зыяратчыларга эми артыкчылык берилет.

Кээ бирлер муну дискриминация деп аташканы менен, саудиянын ажылык иштери боюнча министрлиги башка арга жок деп ырастоодо. Ошондой эле быйыл 8-январда расмий башталып жаткан ажылыкка зыяратчылар 4-январга чейин келиши керек деген шарт коюлду.
XS
SM
MD
LG