Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

НАСА «СОЮЗДА» УЧКАНДЫГЫ ҮЧҮН ОРУСИЯГА АКЫ ТӨЛӨЙ БАШТАЙТ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Эл аралык космостук бекетке америкалык астронавттарды жеткирүүдө орусиялык «Союз» кемеси короткон чыгымды америкалык космостук НАСА агенттиги моюнуна ала турган болду. Жума күнү "Роскосмос" агенттигинин башчысы Анатолий Перминов ИТАР-ТАСС кабар агенттигине айткан билдирүүсүнө караганда? НАСА жетекчилиги жаңы дайындалган космостук топтун мүчөсү Жеффри Уилямсты эл аралык космостук бекетке жеткирип, ал жактан Уилям Макартурду жерге тартып келүү кызматы үчүн Орусияга 21 миллион 800 миң доллар акы төлөөгө макул болгон. Алдыда узак мөөнөткө түзүлүүчү келишим күтүп турганы да айтылууда.

Эл аралык космостук изилдөө ишин бирге жүргүзүүдө Орусиялык тарап өнөктөшү Америкадан "акча саай" баштаганы айкын болду. Ага башкы себеп - АКШнын космоско уча турган кемесинин жоктугу болуп атат дешет.

Чөлмөк ("Шатл") түрүндөгү америкалык космостук кеменин бири кыйрап, экинчиси да мандемдүү болгондон кийин космосту изилдөөчү америкалык НАСА агенттиги аны учуруудан баш тарткан. Ушундай абалдан улам Орусия эми өз кемеси менен космонавттарды асманга тартып барып, ал жактагы топту кайра Жерге тартып келе турган болуп атат. Америкалык астронавттардан ал үчүн орустар тийешелүү акысын алмакчы.

Буга дейре космосту зоок көрүп учушкан батыштык (анын ичинде америкалык) үч бай туристтин ар биринен орусиялык тарап 20 миллион доллардан акы алган эле.

- Быйылкы жылдан тартып акчалай каражат алууга өтүп атабыз, - деп билдирди ИТАР-ТАСС имаратында 6-январда Орусиянын федералдык космостук агенттик жетекчиси Анатолий Перминов.

- Америкалык астронавттардын ар биринен кемеде кызмат өтөө учуру үчүн, Эл аралык космостук бекетке жүктөрдү тартып баруу жана ал жактан алып келүү үчүн да акы алуу келишимин түзүп, кол койдук, - дейт Перминов.

Оболу "Роскосмостун" жетекчиси НАСАдан алына турган акы канча экенин «жашырын иш» деп айтпай койгон, бирок ишембиде чет элдик агенттиктерден, маселен, орусиялык «Союз» кемеси менен америкалык астронавт Жеффри Уилямсты асмандагы Эл аралык космостук бекетке жеткирип, ал жактан астронавт Уилям Макартурду Жерге тартып келиш үчүн НАСА дүңүнөн Орусияга 21 миллион 800 миң доллар акы төлөп атканы дайын болду.

Алдыдагы бул учушта орусиялык космонавт Павел Вингорадов бекетке Жерден жеткирилип, ал эми Уилямс менен кошо бекетте иштеп аткан Валерий Токарев да Жерге кайтып келмекчи.

Узакка түзүлүүчү келишим долбоору акырына чыга электиги айтылууда, бирок ал келишим даяр болгондо, бир эле 2006-жыл үчүн НАСА орусиялык тарапка төлөчү акы 43 миллион 600 миң долларга чаап барат дешет.

НАСА менен "Роскосмостун" ортосунда түзүлө турган жаңы келишим 2011-жылга чейинки кызматташтык иш-аракетин камтый тургандыгы болжолдонууда.

"Роскосмос" агенттигинин жетекчиси Перминовдун Лента.ру басылмасына айткан пикирине караганда, ушундан тартып орусиялык космонавтика ар бир үчүнчү рублди эл аралык долбоорлордун эсебинин тапчу болот.

Серепчилердин баамында, "Роскосмостун" кирешеге белчесинен батышы, баарыдан мурда, америкалык чөлмөк кеме - «Шатлдын» кайсы учурдан тартып кайрадан космоско уча башташына жараша да болот.

Орусиянын советтик кезден АКШ менен космосту өздөштүрүүдө атаандаш болуп келатышы баарыга маалым. Бирок космосто учуп жүргөн «Мир» бекетин каражат жок болгонуна байланыштуу орустар аргасыздан жок кылышканы эмдигиче кыйланын көңүлүндө.

Орусиялык илимдер акдемиясынын космонавтика боюнча мүчө корреспонденти Александр Железняковдун айтымында, «Ал («Мир» - ММ) бекетти жок кылуу - ошол кездеги жетекчинин карманган жолуна ылайык жасалган саясий чечим болгон».

Эмнеси болсо да, Орусия өкүмөтү космосту изилдөө ишине деп быйылкы бюджеттен 305 миллиард рубль ажыраткан. Бирок ал каражат, «Ведомость» басылмасы жазганга караганда, алакан жылытпачу өлчөмдө.

«Роскосмоско" Индия өкүмөтү космосту изилдөө үчүн бөлгөн каражат кандай болсо, ошончо көлөмдөгү акча бөлүндү. Космостук программа үчүн, маселен, Кытай мындан эки жарым эсе, ал эми АКШ болсо - 18 эсе көп каражат бөлүшөт», – деп жазат бул гезит.
XS
SM
MD
LG