Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:18

Президент Курманбек Бакиев Назарбаевдин инаугурациясына катышат


БИШКЕК. Ушул жылдын 11-январында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин президенттик кызматка расмий киришүүсүнүн алдындагы салатанаттуу ант берүү аземи өтөт. Астанадагы бул салтанатка Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев да катышаарын тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Мындан сырткары бул аземге Кыргызстандан Нурсултан Назарбаевдин бала кезден берки досу, Кемин районундагы Кичикемин айылынын тургуну, ишкер Март Акматов да чакырылган. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган айылдын тургуну Эсенбек Жапаров 8-январда билдирди.

Казакстанда өткөн жылдын 4-декабрында болгон президенттик шайлоодо Нурсултан Назарбаев шайлоочулардын 91 пайыздан ашуун добушу менен жеңишке жеткен. Назарбаев 1991-жылдан бери Казакстанды башкарууда.

XS
SM
MD
LG