Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:51

КУРМАН АЙТТЫН АЛДЫНДА ТҮРКИЯДА КУШ ТУМООСУ ТЫНЧСЫЗДАНТУУДА


Анкаранын губернатору Кемал Өналдын маалыматына ылайык, Түркиянын баш калаасындагы ооруканага жаткырылган 3 кишинин куш тумоосун жуктуруп алганы бышыкталды. Алар Анкарадан 100 километр алыстыкта жайгашкан Бейпазары шаарынын тургундары. Дарыгерлер Курман айт майрамына байланыштуу мал жандык союлат, элдин ары-бери каттоосу көбөйөт, аны менен бирге куш тумоосунун жайылышына өбөлгө түзүлүшү ыктымал деп чочулашат.

Түркиянын бийликтери кооптуу вирустун жайылышын алдын алуунун үстүнөн иштеп жатышат.

Өткөн аптада Ван аймагында куш тумоосунан 3 бир тууган көз жумду. Дагы эки бала ооруканада дарыланууда.

Буга чейин илдет Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Азияда гана адамдардын өлүмүнө алып келген эле.

Британияда өткөрүлгөн лабораториялык изилдөөлөр Ван шаарында вирустун H5N1 түрү жайылганын көргөздү.

Изилдөө ошондой эле 14 жана 15 жашар өспүрүмдөрдүн өлүмүнө дал ошол куш тумоосу алып келгендигин далилдеди. Азыр адистер өспүрүмдөрдүн 11 жаштагы бир тууганынын сөөгүн иликтеп жатышат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери вирус адамдан адамга жугабы же жокпу деген суроого жооп издөө менен алектенишүүдө.

Түркиянын чыгышында канаттууларды жыйнап өрттөө өнөктүгү жүрүп жатат.

Өлкөнүн өкмөт башчысы Режеп Таип Эрдоган канаттууларды жаап жашырбай өткөрүп берүүгө элди үндөп, калайыкка компенсация төлөнүп берет деп убада кылды.

- Өкмөт вирустун жайылышына бөгөт коюуга бар аракетин жумшоодо, - деди Эрдоган.

Айлана чөйрө жана токой чарбасы боюнча министрлик жапайы куштарды атууга тыюу салды жана аңчыларды сак болууга чакырды.

Бирок Ройтер агенттигинин Чыгыш Түркиядагы кабарчысы көчөлөрдө тооктор ээн-эркин жүрүшкөнүн маалымдады.

Дарыгерлер Курман айтка карата мал-жандыктар союлуп, куш тумоосу элет жеринен шаарларга жайылышы мүмкүн деп чочулашат.

Доктор Генжай Гүрсой Стамбулда медиктердин ассоциациясын жетектейт:

- Чыгыш жана түштүк чыгыш аймактарда мал жандык элдин турмушунун бир бөлүгүн түзөт. Кээ бирлер канаттууларды үйлөрүндө кармашат. Инфекцияланган куштардын микробдору башка малдын терисине жабышып калышы ыктымал.

Россиянын башкы эпидемиологу Геннадий Онищенко болсо мекендештерин Түркияга барбай турууга чакырды.

Ишемби күнү кол коюлган маскөөлүк буйрукка ылайык куштардын тумоосу катталган аймактан кайтып келген жолоочулардын саламаттыгы жакшылап текшерүүдөн өткөрүлүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG