Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

МЕКЕДЕН КАБАР: ЗЫЯРАТЧЫЛАР МИНА АЙМАГЫНДАГЫ ЧАТЫРЛАРГА ЖАЙГАШЫП, ИБАДАТТАРЫН БАШТАШТЫ


Кожогелди Култегин, Бишкек. Жекшемби күнү зыяратчылар Меке шаарынан 15 чакырымдай алыстыктагы Мина аймагына тигилген чатырларга келип жайгашып, ажылык алгачкы ибадаттарын башташты.

Алгач “Азаттыкка” телефон менен Мекедеги Кыргызстандын ажылык штабынын мүчөсү Даут Абы уулу жооп берди:

-Кечээ Кыргызстандан самолёт менен баргандар бүт жеткендигин, 6 автобус баргандыгын айттыңыз эле. Автобустардын саны канчага жетти?
-Азырынча 8 автобус келди. Жаңы келгендер айтып атышат, биздин ажылардын көпчүлүгү Саударабстандын чегарасында каттоодон өтүш үчүн кезекте турушуптур. Каттоодон өткөнү Меккеге карай жөнөшөт.

-Бүгүнкү ажылык күн жөнүндө айтсаңыз?
-Бүгүн ажылыктын биринчи жөрөлгөсү башталды. Дүйнөнүн бардык бурчунан келген ажылар Меккеден чыгышып, Мина деген тоо беттеген жайык талаага тигилип коюлган чатырларга келип жайгашышышп, алгачкы ибадаттарга киришишти. Чатырларды Саударабстандын ажы министрлиги мурда тигип даярдап койгон. Азыр биз ушул жердебиз.

-Кыргызстандын ажылары Минада чогуу болушабы?
-Самолёт менен келгендер 33- офиске, автобус менен келгендер 37-офиске жайгашат. Эки башка топто болушат, демек.

-Мина Меккеден канча алыстыкта?
-Мина Меккенин чет жагы. Хара мечитинен 15 чакырым эле алыстыкта.

- Анан ажыга баргандардын баарысы ошол жерге батабы?
-Батат. Баары жайнаган чатырларга келип жайгашат.

-Даут мырза, быйылкы ажылык мурдагылардан эмнеси менен өзгөчөлүү экен?
-Былтыркыга караганда тартипти күчтүүрөөк кылганга аракет кылып атышат.

Бишкектен барган ажы башчы Абдышүкүр Нарматов Минадагы ибадаттардын маани-маңызы жөнүндө айтып өттү:

-Минага барып, чатырларда жашоонун мааниси, шаардан, демек, базарлардан, көр-дүйнөдөн, бийик үйлөрдөн, байлыктан алыс болуп, жылаңач жерде кепинге оронуп, Кудайдан башка эч нерсени ойлобоо, демек, Кудайга жакындоо. Эртеңки Арафат күнүндө Арафат тоосуна чыгууга өзүн руханий жактан даярдоо, тазалануу.

-Эми мындай суроо. Азыр Саударабстанда саат 11.00. Сиз эртеден бери эмне иштерди жасадыңыз? Кандай тамактандыңыз? Жөпжөнөкөй кылып эле айтып берсеңиз?
-Өзүм 30дай адамга ажы башчы болгондон кийин таңга маал саат 6.00.ларда намазымды окугандан кийин штабга барып, автобус алып келдим. Өзүмдүн ажыларымды мейманканадан автобуска салып, Минадагы бизге чегерилген чатырларга апкелдим. Чынын айтсам, тамак деле иче элекмин бүгүн.

-Башка ажыларыңыз кандай тамактанып атышат?
-Кечээ ар бир адамдан 100 доллардан акча жыйнап, 80ден долларын курмандыкка деп, 20дан долларына ушу Минадагы үч күн үчүн азык-түлүктөрдү Мекенин чоң бир супермаркетинен сатып келип койгонбуз. А бүгүн биринчи эле тамактануудан баштабай, адегенде 10 ирекеттен намаз окуйлу, элибиздин, жерибиздин, мамлекетибиздин абаат болушу үчүн дуба кылалы Минада деп, намаз окудук, бата тиледик. Анан тамактаналы деп дасторкон жайып атканда силер телефон чалып калдыңар.

-Сиздердин дасторкондо кандай тамактар бар азыр?
- Көбүнчө балык консервалары, Меккеден болсо тоок, күрүч тамактарын алганбыз. Биз ОртоАазиядан келгендер, албетте, чайсыз тамак ичпейбиз. Баары чайларын термосторго куюп алышкан. Кыскасы, жеңил тамак.

-Аба ырайы кандай, ошол жөнүндө да айтып койсоңуз?
-Аба ырайы өтө ысык. Азыр 35 градуска жакын жылуулук.

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлигинен барган дарыгер Акбаралы Махмадиев Кыргызстандан барган зыяратчылардын ден-соолуктары канааттандырарлыкдеп билдирди:


-Ден-соолуктары Кудайга шүгүр. Өзүм баш болуп бир сыйра карап чыктык. Дары-дармектер менен саламаттыкты сактоо министрлиги толугу менен камсыздап жөнөткөн. Ар бир чатырга кирип чыктык.

-Бир чатырда канчадан киши?
-Орточо эсеп менен 30дан киши. Эң улуусу 75 жаштарда. Эң кичүүлөрү 23төрдө.

-Өзүңүз ажылык ибадаттарды жасап жатасызбы.
-Сөзсүз, мусулман баласы болгондон кийин.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG