Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Дүйшөмбү шаарында өрт 13 баланын өмүрүн алып кетти


Өткөн түнү Дүйшөмбү шаарындагы кейбир балдар үйүндө болгон өрт 13 баланын өмүрүн алды. Тажик бийликтери 79 бала коопсуз жайга көчүрүлүп, бир бала ооруканага жаткырылганын маалымдашты.
Өрт электр жылыткычтарды ашыкча пайдалануудан чыккан деп боолгонууда.
Балдар үйүнө коңшу жашаган Зубнисо Сафированын айтышынча, өрт өчүргүчтөр имарат күйүп бүткөндө келишкен:

-Биздин үй-бүлөдөн алты киши балдарды куткарышты. Өрт өчүрүүчүлөр келгенде, биз тирүү балдардын баарын имараттан чыгарып койгон элек. Менин оюмча, 13 бала каза тапты. Мен өлгөн балдарга жологондон корктум. Имаратка кирүүгө мүмкүн болбоду.

XS
SM
MD
LG