Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:12

ИРАКТА КҮЙҮҮЧҮ МАЙ МЕНЕН ГАЗ ЭКИ ЭСЕГЕ КЫМБАТТАДЫ


Үстүбүздөгү аптанын биринчи күнү Ирактын мунай министри Ибрагим Бар Улум кызматынан кеткенин жарыя кылды. Улум өкмөттү “мени кызматтан мажбурлап кетирип, авторитардык ыкманы колдонду” деди жана күйүүчү майга бааны жогорулатууну “демократияга каршы кадам” деп атады. Козголоңчулар мунай иштетүүчү ишканаларга, мунай куурларына жана күйүүчү май сатуучу жайларга дембе-дем кол салышып, калк керектөөсүн камсыздоону кыйындатууда жана Мунай министрлигинин ишин татаалдантууда.

Ирактын маалымат каржаттарынын билдиришинче, Жаңы жыл алдында өлкөдө газдын жана дизель майынын баасы эки эсеге, ал эми баллондо сатылчу пропан газы эке эседен көпкө кымбаттаган.
Мунай министри Ибрагим Бар Улум 2-январда Багдадда пресс-конференция өткөрүп, өкмөттүн калк керектөөчү газды кымбат баада сатуу планын сындаганы үчүн авторитардык ыкма кызматтан алынганын айтып, бул чараны “элдин жашоосун ого бетер оорлоткон антидемократиялык кадам” деп мүнөздөдү.

Атын атагысы келбеген өкмөттүк чиновниктин “Вашингтон Пост” гезитине айтышынча, премьер-министр Ибрагим Жафари өкмөт планын Бар Улумдун сындоосун “кечиргис иш” катары кабыл алган.

Бирок, байкоочулар бул экөөнүн тирешүүсү Улум 15-декабрдагы парламенттик шайлоо алдында-Жафари башындагы Бириккен Ирак альянсынан чыгып, өз партиясын түзүүсүнөн башталганын айтышат.

Чынында, Ирак өкмөтү күйүүчү майлардын баасын 23-декабрда Эл аралык валюта фонду-ЭВФнын менен тышкы карызды реконструкциялоо боюнча түзүлгөн келишимге ылайык жогорулаткан. ЭВФ-келишим боюнча-Иракка тышкы кредиторлордон 685 миллион доллар заем берет. Ырасмий Багдад болсо Саддамдын өкмөтүнөн мураска калган 11 миллиард доллар карызды коммерциялык кредиторлорго кайтарып берилет деп убада кылган. Ирак ошондой эле мунай өндүрүшүн каржылоону кыскартып, өкмөттүк каражаттарды ачык-айкын жүгүртүүсү жана мамлекеттик банктардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу стратегиясын иштеп чыгышы абзел.

Күйүүчү майлардын кымбаттагандан кийин газ станцияларында узун кезек күткөн адамдардын саны көбөйдү. Кырдаалды козголоңчулардын мунай иштетүүчү ишканаларга, газ станцияларына жана мунай-газ куурларына кол салышып, аларды иштен чыгаруусу дагы татаалдантты. Электр станциялары да адватчылардын чабуулунан улам үзүл-тазыл иштөөдө.

Газдын кымбаттоосуна каршы айрым шаарларда нааразылык акциялары өттү. 1-январда Киркук шаарында демонстранттар эки газ станциясын, бир нече полициякананы жана автомобилдерди өрттөшкөн. Элди тынчытуу учурунда полиция ачкан октон эки киши өлүп, бир нече киши жарадар болушканы, демонстранттар Түндүк мунай компаниясынын кеңсесине от коюшканы маалымдалды.

Ирактын мурдакы мунай министри Тамир Чадбандын 28-декбарда “ал-Иракия” телеканалына айтышынча, 2002-жылы өлкөдө күнүнө 92 миң куб метр кара май өндүрүлсө, 2004-жылы 64 миң куб метр өндүрүлгөн. Ал эми бензинди күнүмдүк өндүрүү акыркы үч жылда үчтөн бирге кыскарган. Же 15, 8 миллион литрдин ордуна 10 миллион литр өндүрүлүп калган.

Ошол эле учурда бензинди күнүмдүк керектөө 15 миллион литрден 22 миллион литрге же 1, 5 эсе өскөн. Анын себебин Мунай министрлиги кийинки эки жылда Иракка 1 миллион автомобиль алып келингени менен түшүндүрдү.

Күйүүчү майга болгон ички талаптын өскөнүнө жана камсыздоо кыскарганына карабай, өткөн жылы Ирак тыш өлкөлөргө 6 миллиард долларга мунай саткан.
Ройтер агенттигинин маалымдашынча, Ирак өткөн декабрь айында күнүнө 1, 1 миллион баррель кара май экспорттоп турду. Бул, Саддамдын режими тушундагыга караганда эки эсеге аз.

XS
SM
MD
LG