Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Чаекте Нурлан Мотуевди колдоочулар нааразылык акциясына чыгышты


БИШКЕК. 9-январда Нарын облусундагы Жумгал районунун борбору Чаек айылында Нурлан Мотуевди колдогон 3 миңге чукул адам райондук ички иштер бөлүмүнүн жанына, андан соң райондук администрациянын жанына митингке чыгышты. Алар 8-январда Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин Каракече көмүр кенинин учурдагы жетекчиси Нурлан Мотуевди кармап Бишкекке алып кетүүгө кылган аракеттерине нааразылык билдиришти. Митингдин катышуучулары эгерде бийлик Нурлан Мотуевди кармап алып кетсе, жаңы бийликтин отставкасын талап кылып, район эли жапырт нааразылык акцияларына чыгарын эскертишкен. Бул тууралуу укук коргоочу, “Эрайдоочу” уюмунун жетекчиси Качкын Булатов “Азаттыкка” билдирди.
Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын оперативдүү күзөт кызматынан Кубат Шамурзаевдин маалыматы боюнча, 9-январда Чаек айылында Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин аракеттерине нааразы болушкан 300гө чукул адам Нурлан Мотуевдин таламын талашып митинг уюштурушкан.

XS
SM
MD
LG