Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 10:34

ПРЕЗИДЕНТТИН БИР ТУУГАНДАРЫ, “МЭЭРИМДИН” МЭЭРИМИ, УЛУТТУК ИДЕОЛОГИЯ ЖАНА ГЕОСАЯСАТ


“Алас” гезитинде президент Курманбек Бакиевдин бир туугандары, “Мээрим” фондусунун ишмердүүлүгү жана жаңы өкмөт мүчөлөрү тууралуу макалалар чыгууга даярдалып жатат. “Замандаш” журналы улуттук идеология, геосаясат тууралуу кеп кылат.

10-январда басууга даярдалып жаткан “Алас” гезитинде публицист Алым Токтомушевдин “Кез ушул” деген макаласы жарык көрмөкчү. Анда президент Курманбек Бакиевдин ини бир туугандары тууралуу кеп болот. “Өткөндөн сабак албаган учурдагы президенттин инилери элчилик жана жогорку кызматтарды ээлеп, Аскар Акаевден ашып түшмөй болду. Мунун акыры кандай бүтөөрү бүдөмүк” деп жазат автор.

Учурунда “Мээрим” кайрымдуулук фондусунун “Асылзат” гезитинде баш редактор болуп иштеген Сүйүн Курманованын ушул уюмдун ишмердүүлүгү, иш жүргүзүү ыкмалары тууралуу жазылган макаласы да “Алас” гезитине басылганы даярдалууда. Ошондой эле ушул гезит жаңы жылга жаңы өкмөттүн курамы менен окурмандарды кенири тааныштырып, өкмөт мүчөлөрүнүн бейенесин ачууга аракет кылууда. “Алас” гезити мурда СССРдин мамлекеттик пландоо комитетинде жооптуу кызматтарда иштеген Касым Исаев менен маектешүүнү сандан санга жарыялоодо. Бул жолу ким жана эмне жөнүндө кеп болоорун маектешүүнү алып барган журналист Аскер Сакыбаева айтып берди:

Ушул “Алас” гезити өлкөдөгү белгилүү ойлоп табуучу Олег Кушнив тууралуу, анын ойлоп тапкан тетиктери, жабдуулары жана механизмдери өндүрүштө колдонулуп жатканы менен ага атайын лаборатория ачып берүү тууралуу сунуш айышат.

«Кыргызстанда быйыл жазында бийлик алмашканы өлкөнүн тышкы саясатына жана эл аралык аренадагы ролуна түздөн-түз таасир эткен эң негизги жагдай болуп калды. Марттагы окуялар демейде эч ким көңүл бурбаган Кыргызстанга дүйнөлүк коомчулуктун назарын буруп, эл аралык турмуштагы чоң жаңылыктардын бирине айланды. Мунун бир себеби - Кыргызстан дүйнөлүк аренада кызыгуу жарата баштаган Борбор Азия аймагында жайгашкандыктан, андагы окуялар акырындап болсо да бүт региондогу абалды чагылдырып, ошого жараша коңшулаш мамлекеттерге да кыйыр түрдө таасир көрсөтүп турат. Экинчиден, Кыргызстан ар кандай саясий эксперименттерди өткөрүш үчүн абдан ынгайлуу мамлекет экенин өлкөнүн мурдагы жетекчилиги далай жолу далилдеген. Андыктан быйыл жаздан тартып кыргыз жергесинде дүйнөдөгү ири державалардын жана саясий күчтөрдүн кызыкчылыгы, баалуулуктары, ыкмалары ачыктан-ачык атаандашты» деп жазып, өткөн жылдагы окуяларга сереп салат январда чыгууга даярдалып жаткан «Замандаш» журналына журналист Жыргалбек Касаболотов.

«Батыш менен КМШ өлкөлөрүнүн тымызын күрөшү кыргыз аймагында токтоп калбастан, кайрадан күч алып келаткан түрү бар. Мисалы, азыр Батыш мамлекеттери эле эмес, Орусия да башка мамлекеттерде орус кызыкчылыгын коргогон бейөкмөт уюмдарды финансылык жактан колдоого ала баштаганын кыйыткан көрүнүштөр пайда болду. Ал аз келгенсип АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын жалаң терс жактарын көрсөтүп, аларга каршы коомдук пикир уюштурууга умтулган бейөкмөт уюмдар ачык аракеттене башташты. Алардын артында жалаң Орусия эле эмес, Кытайдын жана башка мамлекеттердин да кызыкчылыгы, финансылык жардамы болушу мүмкүн. Бул тенденция улана бере турган болсо, жакын арада Кыргызстандагы жарандык коомдун өкүлдөрү чет мамлекеттердин кызыкчылыгына карай эки бөлүнүшү ыктымал. Андыктан Кыргызстандын азыркы жетекчилиги кичине эле сөзүнөн же ишинен жаңылса, анын кесепети алда канча оор болот» деп боолголойт автор.

«Жаңы кыргыз өкмөтү өлкөдөгү стабилдүүлүктү калыбына келтирүүгө колдо болгон күчүн жумшап, экономиканы жакшы башкара алаарын өз элине да, башкаларга да тез аранын ичинде далилдеши керек болуп турат. Президент болсо парламенттин тарашы же тарабашы тууралуу маселенин башын биротоло ачып, өзүн колдоп берген азыркы парламентти ачык колдоп, конституциялык реформаларды башка бийлик бутактарынын кызыкчылыгын эске алуу менен өткөрүүгө умтулушу зарыл» деген пикирин билдирген Жыргалбек Касаболотов.

Ушул «Замандаш» журналында экономика темасында макала жазып жүргөн журналист Марат Токоев өткөн жылга сереп салып, мындай деп баяндайт:

«Экономиканын көп тармактарындагы өзгөрүүлөр турмушка түздөн түз жана ошол эле замат таасир бере бербейт. Кыргызстандын ички дүң продукциясынын үчтөн бир бөлүгүн өндүргөн айыл чарбасы тууралуу мындай айта албайсың. Быйылкы жаздын суук болушу жана дыйкандар үчүн эң жооптуу бул мезгилде социалдык толкундоолордун орун алышы кыргызстандыктардын жашоосуна тез эле терс таасирин бере баштады. Күнүмдүк тамактанууда кеңири колдонулуп келген жашылча-жемиштерди өткөн жылдагыга салыштырмалуу 1,5-2 эсе кымбатыраак сатып алууга туура келди. Бул, биринчи кезекте, айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн өндүрүлгөн көлөмүнүн азайышы менен түшүндүрүлөт. Улуттук статкомитеттин маалыматтарына ишенсек, өткөн жылга салыштырмалуу быйыл картошка 10%га, жашылчалар 1,5%га, ал эми жер-жемиштер 19%га азыраак чогултулган. Ушундай эле көрүнүш дан эгиндер (7,6%га кем) жана ак була (10%га кем) боюнча да байкалат. Ошону менен катар, эң кирешелүү техникалык айыл чарба өсүмдүгү деп эсептелген кызылча быйыл мурдагы жылга салыштырмалуу эки эседен ашык кем чогултулган. А демек, ачуу жашоону бир аз таттуурак кыла алган шекер-кантты өндүрүү дагы эки эсе азайышы мүмкүн.
Келээрки жылы айыл чарбада чоң жылыштар болуп кетээри күмөн. Ага жөнөкөй эле бир мисал. Быйыл, түшүмдүүлүгү да көбүрөөк, ар-кайсы ооруларга да туруктуурак деп эсептелген күздүктөр өткөн жылга салыштырмалуу 10 миң га жерге азыраак айдалып отурат.

Кыргызстандын экспортунун дээрлик 40%ын камсыз кылган Кумтөр да быйыл экономикага кубантаарлык салым кошо албады. 2005-жылдын биринчи жарым жылдыгында бул кенде болгону 8 миң 690 кг. алтын өндүрүлгөн. Бул өткөн жылдын биринчи жарым жылдык көрсөткүчүнө салыштырмалуу 2 миң 376 килограммга аздык кылат. Жылдын аягын чейин алтынды өндүрүү темпин кумтөрлүктөр арбытабыз дегени менен, өткөн жылдын өндүрүш көлөмүнө чыга алышпайт окшойт. Муну 10 айлык көрсөткүчтөр да айгинелейт. Эгер Кумтөрдүн ишканаларысыз Кыргызстандын өнөр жайындагы өсүш 102,2%ды түзсө, Кумтөрдүн ишканаларын эске алсак ал 91%ды гана түзүп калат. Мурдагы жылдары бул алтын кенинен түшкөн кирешенин аздыгын дүйнө жүзүндө алтынга баанын төмөндөп кетиши менен түшүндүрүп келишсе, бул күндөрү алтындын баасы акыркы 24 жылдын аралыгындагы эң жогорку чекке жетип турганда (7-декабрда алтындын унциясынын (31,1 грамм) баасы 510 доллардан ашкан), кайра эле баягы көрүнуш байкалат.

Экспорттук кирешелерди алып келүү боюнча алтындан кийин экинчи орунда турган гидроэнергетика тармагындагы абал, бардык чараларга карабай, күн санап оорлоп келет. Кыш түшө элек кезде эле, 1- сентябрга карата дебитордук карыздардын көлөмү 2 млрд. 691 млн. сомду түзгөн. Бул жылдын башына салыштырмалуу 17%га көп. Жаңы бийликтин бул карыздарды азайтуу боюнча көргөн бардык чаралары жемишсиз болду. Карыздардын чоң көлөмү менен катар электр энергиясын уурдоо да эч чечилбеген чоң маселе болуп келет. Расмий бийликтин моюнга алуусу боюнча, бул кыңыр иштин айынан республикалык бюджет жылына 2 млрд. сомго чейин чыгым тартууда» деп жазат автор.

Январь айындагы «Замандаш» журналында публицист Абдыкерим Муратов «өлкөдө мамлекеттик идеология болгонбу? Барбы жана болобу?» деп суроо коюп, жооп издейт.


“Эгемендүү болгону эң биринчи жаңы мамлекеттин идеологиясын издеп кирдик. Кимди ээрчип, элди эмнеге бириктирүүбүз керек эле? Оор болду. Адегенде эле санжыра деген чыкты. Элдин мыктысы, түбү түптүүсү эле биздин уруу дегендей көз караш пайда жарандарды арбап, ар бир уруу өз уруулашын айыл өкмөтүнүн башчысы, депутат кылуу үчүн күрөштү, башка уруу, башка кокту-колоттон келгендерди сүрүп салды. Түштүктө мурда барып иштеп, отурукташып калгандар, чоң кызматтагылар куулду, же өздөрү эле эсен-аманында кете баштады. Уруу аксакалдары жана билермандары өз уруусунун туусун көтөргөндөрдү издеп, илгерки атактууларын мактатып китеп жаздырып, спектаклдерди койдуруп, көчөлөргө, мектептерге алардын ысымдарын бердирип, эстеликтерин тургузуп жатты. Бирок мунун аягы чырга айланды, чабышуу болду, эл арасы салкын тартты. Биз мунун бир кылым мурда өткөн элек, ошондо өксүгөн элек.
Дин да бизге, анын ичинде ислам да сиңип кете албады. Идеологиялык күчкө ээ болбогон соң анын үзүрүн көрө билбедик.

Президент К.Бакиев улуттук идеологиянын жоктугун айтып абдан кейип алды. Көрүнгөн ташка, сууга сыйынбай, алдыны карагыла маанисин айтты. Балким муну бул киши жөн гана жалпыга айткандыр, бирок көпчүлүк мамкатчы Д.Сарыгуловду түшүндү. Дастан мырза теңирчилик идеясын пропагандалап жүрбөйбү. Мамкатчы болсо, мунусу кантет дегендер да чыкты. Дастан Исламовичтин мисалы мен педагог катары мектептерге, окуу жайларына Ыйман сабагын, Манас сабагын киргизгенин, комузчулукту, төкмөлүктү алып чыкканын абдан колдойм, ошол эле кезде теңирчиликти сунуш кылып жатканы боюнча талашар жайым бар. Себеби бул нерсе азыркы ислам күчтүү турган мезгилде кабыл алынышы кыйын нерсе деп ойлойм» деп жазат Абдыкерим Муратов.

9-январдагы «Вечерний Бишкек» гезити электр тармагынын көйгөйлөрү, кышкысын отун-көмүр албай энергия уурдагандар тууралуу кеңири баяндады.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG