Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Газ боюнча карыз жөнүндө кыргыз-казак өкмөттөрү Бишкекте сүйлөшөт


БИШКЕК. Кыргызстандын Казакстанга газ боюнча карызы эки өкмөттүн биргелешкен комиссиясынын январь айынын ичинде Бишкекте өтөөрү болжолдонуп жаткан отурумунда талкууланмакчы. Бул тууралуу жыл этегинде Таразда өткөн жолугушууда эки өкмөт башчы Даниял Ахмедов менен Феликс Кулов макулдашкан. «Кыргызгаз» ишкана жетекчилигинин айтымында Кыргызстан карызын электр энергиясы, материалдык- техникалык каражаттар аркылуу жана акчалай төлөп берүүнү казак тарапка сунуштаары күтүлүүдө. Өзбекстан менен макулдашуу ишке ашпай калган акыркы эки жылда Кыргызстан Ташкент-Алматы газ жолунан алып пайдаланган газ үчүн карыз 18 миллион долларга жеткен.
Ал эми «Кыргызгаз» ишканасынын маалыматына караганда,
Кыргызстан мындан ары газды Өзбекстандан туруктуу ала баштайт жана анын наркы мурдагы жылдардагыдан 33%ке кымбат болот. Мындай макулдашууга «Кыргызгаз» жана «Узтрансгаз» ишканалары өткөн жылдын этегинде кол коюшкан. Макулдашууга ылайык Кыргызстан пайдаланылган газдын акысын ар ай сайын акчалай төлөп турмакчы.
Декабрда таратылган маалымат боюнча Кыргызстандын калкы «Кыргызгазга» 180 миллион сом, бюджеттик мекемелер 15 миллион сом, ал эми ишканалар 110,7 миллион сом карыз.

XS
SM
MD
LG