Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

ЗЫЯРАТЧЫЛАР АРАФАТ ТООСУНА ЧЫГЫШТЫ


9-январда эки миллиондон ашуун мусулман ажылыктын негизги бөлүгү болуп эсептелген ибадатты аткарып, Арафат тоосуна чыгышты. Шейшембиде болсо зыяратчылар Муздалифах деген жерде өтчү шайтанга таш ыргытуу жөрөлгөсүнөн кийин мал союп, Курман айтты майрамдашат.

-Биз Арафат тоосуна баратабыз, бул күндү чоң үмүт менен күткөнбүз. Мен өзүмдү түш көрүп жаткандай сезип жатам, - дейт Тунистен келген бир аял. Ал зыяратчылардын көпчүлүгүндөй эле ыйык тоого жөө чыкты.

Быйыл Сауди Арабиянын Мекке шаарына рекорддук сандагы мусулман барды. Алар Мухамед пайгамбар өмүрүнүн акыркы күндөрүндө кыдырып, сыйынган жерлерге зыярат кылышууда.

Зыяратчылар Арафат тоосуна күн батканга чейин жетиши керек. Тоого чыгып, сыйынуу же вукуф ажылыктын негизги жөрөлгөсү болуп саналат. Вукуф мусулмандар үчүн чоң руханий мааниге ээ.

-Арафатка чыгуу мусулмандар үчүн эң бактылуу күн. Анткени Алла таалам периштелерине: “Мына пенделерим келди, мен аларды кечирдим, силер күбө болгула дейт”, - деп бөлүшөт өз таасирлери менен Египеттен келген Ашраф Юсеф.

Ыйык тоого чыгып зыяратчылар кудайдан болгон күнөөсүн кечирүүгө суранышып, таат кылып, кайра түшүшөт.

Алар 5-январда Меккедеги мейманканада болгон кырсыктан каза тапкан 76 кишинин арбайына арнап куран окушту.

Айрым маалыматтарга караганда имарат анын ээсинин шалаакылыгынан улам ураган. Жатаканага уруксат берилгенден алда канча көп киши жайгаштырылган.


Падышалыктын ички иштер министрлигинен алынган маалыматка ылайык, быйылкы ажылыкка 177 өлкөдөн 1 жарым миллиондон ашуун киши келген. Бул былтыркыга салыштырмалуу 1,2 процентке көп.
Министрликтин басма сөз өкүлү генерал майор Мансур ал-Турки жекшембиде билдиргендей бул сан саудиялык жана өлкөдө жашаган чет элдик зыяратчыларды, ошондой эле өз алдынча келген кишилерди камтыбайт. Аларды кошкондо жалпы зыяратчылардын саны 2 жарым миллиондон ашышы ыктымал.

Мина өрөөнүндө жана Арафат тоосуна жакын жерлерде медициналык жардам берүүчү борборлор жайгаштырылды.
Коопсуздукту камсыздоо үчүн 60 миң аскер, куткаруучулар, доктурлар жана башка адистер тартылды.

Түркияда куштардын тумоосу чыга баштаганына байланыштуу падышалыктын чегараларындагы текшерүү күчөтүлүп, канаттууларды өлкөгө алып кирүүгө тыюу салынды.

Андан тышкары Саудиянын өкмөтү дээрлик 7 миллион долларга вируска каршы колдонуп жүргөн тамифлу даарысын сатып алды.

Шейшембиде зыяратчылар Муздалифах деген жерге барып, шайтанга таш ыргытуу жөрөлгөсүнө катышышмакчы.
Минага кайтып келгенден кийин алар мал союп, Курман айтты майрамдоого даярданышат.
XS
SM
MD
LG