Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

КОМЕТАНЫН КАЛДЫКТАРЫ КҮН СИСТЕМАСЫН ТҮШҮНҮҮГӨ ЖАРДАМДАШ БОЛОТ


Жаныл Жусупжан кызы, Бишкек Космостук обьектен Жерге топурак-таш акыркы жолу мындан 30 жылдан ашык жыл мурда алынып келинген эле. Тактап айтканда америкалык Аполло космос кемесинин астронавттарды 1972-жылы Айдан бир кап ай таштарын терип келишкен. Бирок ушул жекшембиде "Stardust" же "Жылдыз чаңы" деп аталган америкалык кеме кометанын куйругунан чогулткан чаң-чуң, муз жана газ бөлчөктөрүн Жерге жеткирет. Кометалар Жер сыяктуу планеталардын мындан миллиарддаган жылдар мурдагы абалы тууралуу маалыматты алып жүрөт деп саналат.

Эгер баары ойдогудай болсо, окумуштуулар жакын арада Күн системасынын жаралыш мезгилинен калган кометанын калдыктарын изилдөөгө мүмкүндүк алышат. Жети жылда миллиарддаган чакырым космос аралыгын басып өткөн Америкалык "Жылдыз чаңы" кемеси 15-январда АКШнын Ута штатына парашют менен келип түшөт деп күтүлүүдө.

- Бүткүл командабыз менен катуу толкунданып жатабыз. Кеме учурулганга чейин үч жыл иштедик, жети жыл бою учууну башкардык. Биздин миссия ийгиликтүү аяктайт деп ишенем, - деп айтты "Жылдыз чаңы" долбоорунун жетекчиси Доктор Томас Даксбери. Ал АКШнын Калифорния штатынын батышындагы Жет Пропалшн лабораториясында эмгектенет.

Кеме 1999-жылы учурулган эле. "Wild2" же "Жапайы 2" деп аталган кометаны көздөй беш жыл жол басты. Ал комета Жерден 400 миллион чакырым аралыкта учуп жүрөт. Мындан эки жыл мурда кеме кометанын чаңдуу куйругун кесип учуп, чаң баскан кар сыяктуу уюлуна 250 чакырым жакындап барды.

Кометанын бөлчөктөрүнүн бороон-чапкынына туш келген кеме кезиккен чаң-чуң, муз, таштарды чогултуп алууга жарады. Кеме ошондой эле кометанын туурасы 5 чакырым келген өзөгүнүн кыртышын сүрөткө тартып алды. Эми ошол калдыктар салынган айнек шише менен кеме Жерди карай учуп келатат.

Комета менен кагылышкан кандай кооптуу болсо, шишенин Жерге түшүшү да ошончолук кыйын болот деп күтүлүүдө. Даксберинин айтымында, анын кесиптештери калдыктардын Жердеги заттар менен булганышына жол бербөө үчүн, тез аракеттенүүгө даяр турушат.

Окумуштуулар "Жылдыз чаңынын" "Генезис" кемесинин тагдырына туш келишин каалашпайт. Күн чаңын жыйнаган "Генезис" 2004-жылы сентябр айында конуп келатканда парашюту ачылбай калып, Жерге катуу тийип, талкаланып калган эле.

"Жылдыз чаңы" кометадан чогулткан калдыктар Аэрогел деп аталган өтө жеңил айнектин ичине салынган. Ал Техас штатындагы Хьюстон шаарында жайгашкан Жонсон Космос борборуна жеткирилет да, кийин бир нече өлкөдөгү лабораторияларга таркатылат. Тизмеде Британиянын Ачык Университетиндеги Планеталар жана Космос Илимдерин изилдөө Институту да бар. Доктор Эндрю Бол институттун изилдөөчүлөр командасынын мүчөсү:

-Кометалар Күн системасынын ичкери жагына жакында гана киришкен. Болбосо күндүн аптабынан алардагы муздар эрип калмак. Башкача айтканда, алар негизинен тоңгон абалында болушкан, ошондуктан аларда планеталар жаралгандагы материалдар сакталып калган.

Кометалардын ички түзүлүшүн изилдөө Жердин кометалар менен кагылышуусуна жол бербөөнүн жолдорун аныктоого, демек адамзатын динозаврлардын кайгылуу тагдырынан сактап калууга көмөктөш болот. Көпчүлүк окумуштуулардын ишениминде, динозаврлар зор комета же астероид мындан 65 миллион жыл мурда Жерге келип урунганда кырылып жок болушкан.
XS
SM
MD
LG