Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:24

Европа Биримдиги Кыргызстанды кубаттады


Европа Биримдиги Кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин өлүм жазасына мораторийди бул акыркы чараны мыйзам жолу менен алып салганга чейин узартканын кубаттады. Биримдиктин азыркы төрагасы Австрия тарабынан чыгарылган билдирүүдө, президент тарабынан Конституциялык реформаны ушул жыл аягына чейин бүтүрүү демилгеси жана ага карата өкмөттүн даярдыкты баштоосу да жогору бааланган. Европа Биримдиги өлүм жазасына мораторий киргизүү чечимин турмушка ашыруу боюнча өз жардамын кыргыз тарапка берерин белгилеген.

XS
SM
MD
LG