Алардын айынан отузга чукул киши набыт болгону айтылууда. Балааматтар үчүн “Ал-Каиданын” Ирактагы тобу жоопкерчиликти өзүнө алды. Кечээ америкалык “Кристян сайнс монитор” гезити штаттан тышкары кабарчысы Жилл Кэрроллду өткөн ишембиде экстремисттер кармап кетишкенин ырастап,кабарчыны тезинен туткундан бошотууну талап кылды.