Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:41

Кар көчкү жүрүшү күтүлөт


БИШКЕК. Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана карды калың жаашына байланыштуу 10-11-январь күндөрү Кыргызстандын аймагында көчкү жүрүшү мүмкүн. Бул туураалуу аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунан 10-январда кабарлашты. Борбордун шашылыш билдирүүсүнө караганда, кар көчкү Ош, Жалалабат, Ысыккөл облустарынын тоолуу аймактарында, Бишкек-Ош жолунун 121-138 жана 198-265 чакырымдарында, Төөашууда, Каракол-Сарыжаз жолунунун 40-90 чакырымдарында болушу күтүлөт.


Аба ырайы

11-январда Кыргызстанда маал-маалы менен кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй Талас облустарында түнкүсүн -6...-11, күндүз -2...-7 градус суук,
Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн -3...-8 градус суук, күндүз -3...+2 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -3... -8, күндүз 0...-5 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн -12...-17, күндүз -5..-10 градус.
Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак болот.
Абанын температурасы түнкүсүн -8...-10, күндүз -3...-5 градус суук.

Кабарлар топтомун Азиза Турдуева, Шайырбек Эркин уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG