Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

ОРУСИЯЛЫК МУСУЛМАНДАР КУРМАН АЙТ МАЙРАМЫН БЕЛГИЛЕДИ


Төрөкул Дооров, Москва Бүгүн, жалпы дүйнө мусулмандарындай эле, ислам динин тутунган 20 млн.го жакын орусиялыктар да Курман айт майрамын белгилеп жатышат.

Таң эртелеп, Москвадагы борбордук мечитке 20 миңден ашуун адам чогулду. Курбан айт намазы окулуп, аны жетектеген Орусиянын мусулмандар мифтиятынын башчысы Равил Гайнуддин жалпы орусиялык мусулмандарды майрам менен куттуктады.

- Бул күнү Аллаадан баарыбызга тынчтык жана сүйүнүч, бакыт, ошондой эле ишиңиздерде ийгиликтер беришин тилейм, - деди муфтий Равил Гайнуддин.

Мусулмандарды Курман айт менен өлкөнүн президенти Владимир Путин да куттуктап, «бул майрам башка диндердей эле исламдын да түбөлүк акыйкатчылыкка, тынчтыкка жана мээримдүүлүккө негизделген салтын эске салат» деп белгиледи.

Гайнуддин, мындан сырткары, соңку мезгилдерде Орусияда улутчулдук маанайы көтөрүлүп, «Орусия орустарга» деген өңдүү чакырыктар айтылып жатканына тынчсыздануусун билдирди. «Орусия акыркы жылдардагы миграциянын айынан эле көп улуттуу жана көп конфессиялуу боло калган жок. Байыркы Русь мезгилинен бери бул жерде 200 дөн кем эмес ар башка улут жашап келгенин унутпаш керек» деп, муфтий «мусулмандар да Орусиянын туруктуу калктарынын бири экенин» баса белгиледи.

Курман айт күнү мусулмандар жаңы кийим кийип, бири-бириникине конокко барышат. Даамдуу тамак жасашат, кой, эчки, уй же төөнү союп, анын этин үчкө бөлүшөт да колунда жокторго садагага беришет. Өзүнүн жеке кирешеси жол берсе, исламдагы беш парыздын бири, Меккеге зыяратка барышат. Быйыл, мисалы, Меккеге орусиялык 13 миңдей зыяратчы жөнөп кеткен.

Орусиялык муфтий бул күнү майрамдын маанисин түшүндүрүп жатып, адамдардын каны төгүлбөш керек деген ой негизги идея экенин айтты.

- Биз дайыма адамдын каны төгүлбөшүнө, бул күнгө курмандыкка чалына турган жаныбардын гана каны төгүлүшүнө чакырып келатабыз. Бул бизге Алла Тааланын мээримдүүлүгүн эске салып, «адамдын каны төгүлбөсүн, анын оордуна жаныбарды курмандыкка келтиргиле!» деген буйругун эске салат, - деди Орусия мусулмандарынын муфтийи Равил Гайнуддин.

Чеченстанда Кадыров атындагы Кор алты төө, 300 кой союп, этин колунда жокторго таркатып берди.

Ал эми Татарстанда он алтынчы кылымдан бери алгачкы ирет Курман айт намазы Казан Кремлиндеги Кул Шариф мечитинде өттү. 1552-жылы Иван Грозныйдын аскерлери Казан шаарын басып алышканда Казан хандыгынын бул мечити бузулган эле. Ал 2005-жылы кайра курулган.
XS
SM
MD
LG