Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Маркум Чыныбек Алиевдин жакындары сотко, адвокатка ишенбөөчүлүк көрсөттү


БИШКЕК. Оор кылмыш жасады деп айыпталып жаткан Рысбек Акматбаевдин сотунун түшкө чейинки отурумунда маркум Чыныбек Алиевдин жакындары жалдаган адвокат Татьяна Чилникина мындан ары бул ишти алып барбай тургандыгын жарыялады. Буга маркум Алиевдин туугандарынын адвокатка ишенбөөчүлүк көрсөткөндүгү негиз берген. Татьяна Чилникина сотто сүйлөгөн сөзүндө тараптарды сабырдуулукка чакырды:

- Мен силерди ачууңарды жабыр тарткандардын өкүлдөрүнөн чыгарбоого, аларды түшүнүүгө, токтоолукка чакырат элем.

Мындан мурдагы сотто маркумдун жакындары сотко ишенбестигин билдирип, ишти кайра тергөөгө жөнөтүүнү сураган. Буга Рысбек Акматбаевдин мурдагы ички иштер министрине байланышкан маалымат каражаттарына билдирүүсүн тиешелүү документтер менен бышыктоодон баш тартып жатышы негиз берген. Судья Сариевдин жана адвокат Чилникинанын пикирлерине караганда, адвокатты алмаштыруу ишти кайра башынан баштоого аргасыз кылат. Үч адамдын өлүмү боюнча сот жараяны 28-октябрда башталган.

XS
SM
MD
LG