Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:01

Темир жол башкармалыгында коррупцияны соттор калкалап жатабы?


БИШКЕК. Бишкектеги айрым судья, укук коргоо органдары коррупциялашкан Кыргыз темир жол башкармалыгынын жетекчилери менен биригип кетүүдө. 24-марттан кийин Кыргыз темир жол башкармалыгы аталган тармакты өнүктүрүүнүн ордуна кымбат баалуу автоунааларды сатып алышып, чоң суммага дүркүрөтүп сый тамак уюштурууда. Бул тууралуу 11-январда темир жолчу жумушчулардын профсоюз уюмунун төрагасы Эрнис Докенов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы октябрь айында Бишкек шаардык Ленин райондук соту саясий тапшырма менен Юстиция министрлигинен 2004-жылы каттоодон өткөн жумушчулар профсоюзун жараксыз деп чечим чыгарган. Бул чечимге нааразы болгон Докенов шаардык сотко арыз жолдоорун маалымдады.

Ал эми Кыргыз темир жол башкармасынын маалымат кызматынын жетекчиси Кайрат Биримкулов, Эрнис Докеновдун маалымат жыйынында билдиргендери негизсиз деп четке кагып, анын жалган айткандары боюнча сотко кайрылышарын билдирди.

XS
SM
MD
LG