Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

БОРБОР АЗИЯ КУШ ТУМООСУНА ДАЯР ЭМЕС


Жаңыл Жусупжан кызы, Бишкек Кытай жана Түркия коркунучтуу куш тумоосунун жайылышын токтото албай, чабылып-чачылып жатканда, бул эки өлкөнүн ортосунда жаткан аймактын элдери кантти экен? Азаттыктын иликтөөсү борбор азиялык жумурияттарда айрым иштер жүргүзүлүп жатканы менен, эл арасында маалымдуулук жетишсиз экендигин көрсөтүүдө.

Ушул аптанын башында Тажиксанда Түркиядан куш этин алып келүүгө тыйуу салынды. Түркмөнстанда президент Ниязов өкмөт менен чукул жыйын өткөрүп, калктын орун которуусуна жана азык-түлүктүн ташылышына чектөөлөр киргизилүүдө. Бир эле мезгилде жабык жыйында Түркмөнстандагы абал тууралуу маалыматтын сыртка чыгышына жол бербөө милдети Улуттук коопсуздук министрлигине тапшырылды. Түркмөнбашынын "Бизге эмне кылышты үйрөткөндүн кереги жок, өзүбүздүн да колубуздан келет" деп айткандыгын Дойче Веллеге президенттин аппаратынан аты аталбаган кызматкери маалымдады.

Кырдаал менен түркмөндөр өздөрү да анчейин тааныш эмес шекилдүү.

Айрымдар үй канаттуулары кырылып жаткандыгын айтышууда, бирок себебин билишпейт. Ал тургай ылаң тоокторду союп жеп жатышат,- деп билдирди Азаттыктын бул өлкөдөгү кабарчысы.

Окумуштуулар айтып жатышкандай, тумоологон тооктун жумурткасын же этин бышырып жегендин коркунучу жок, бирок аны баккандар жана сойгондор ылаңды жуктуруп алышы мүмкүн.

Кыргызстан маалымдуулуктун аралы болгону менен, сактануунун жолу көпчүлүккө белгисиз экендигин баамдоого болот.

Түркмөнстандан айырмаланып, кыргыз өкмөтү чет элдик жардамдан баш тарткан жок. Бул тууралуу өлкөнүн башкы мал догдуру Талант Узакбаев билдирди. Ошол эле мезгилде куш ылаңынын жайылышын алдын алууга кыргыз өкмөтү эч кандай каражат бөлө элек.

Казакстанда тоок тумоосунан шектелген бир нече киши ооруканага жаткырылды. Бирок өлкөдө бул ылаң табыла элек. Өзбекстандан кабар аз түшүүдө, бирок чет элдик агенттиктер бийликтер бардык ири аба бекеттеринде жана чек араларда бажы көзөмөлүн күч алдырып жаткандыгын, Самарканддан Ташкенге баруучу чоң жолдо текшерүү бекеттерине аскерлер жайгаштырылганын билдиришүүдө. Башкача айтканда, азыркы тапта Борбор Азия өлкөлөрүндө тоок тумоосунун жайылышын алдын алуу жана андан сактануу боюнча масштабдуу маалымат кампаниясы жетишпей турган чак.

XS
SM
MD
LG