Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

КУШ ЫЛАҢЫ ДҮЙНӨГӨ ЖАЙЫЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Кыш аяктап, жакын арада канатуулар жазында кайрадан түндүк аймактарга учуп жер котороору жакындаган сайын куш ылаңы бүткүл дүйнөгө тарап кетүү коркунучу бар. Эгер ооруну пайда кылган вирус өзгөрүп, ал адамдан адамга жуга баштаса, анда пандемия да башталышы ыктымал.

Кайсы бир оору кеңири аймакка тараганда, аны эпидемия дейт, ал эми оору бүткүл мамлекетке же бир нече өлкөгө жайылса, аны медиктер пандемия деп атайт. Акыркы андай пандемия Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда болгон жана "испанка" деп аталган грипптин ал түрүнөн өлгөндөрдүн саны согуштан курман болгондордон ашып түшкөн. Биринчи дүйнөлүк согушта 15 миллион адам өлгөн болсо, "испанка" 50 миллиондон ашык адамдын өмүрүн алып кеткен, СПИДден болсо азырынча дүйнөдө 13 миллионго жакын адам каза болду. Окумуштуулар акыркы мезгилде ал "испанка" дагы куштардан жуккан ылаңдан пайда болгон сыяктуу деген пикирде.

Азыркы куш ылаңы 2003-жылы Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринде башталган жана андан жетимишке жакын адам өлгөн, бирок башка өлкөлөрдө буга чейин адам өлүмү катталган эмес. Январда болсо ылаң Түркиянын чыгышындагы Ван провинциясында чыгып, Догубаязит деген айылда үч өспүрүм каза болду, дагы отуздан ашык адам ооруканага жаткырылды жана алардын он бешине жакыны куш ылаңын жугузуп алганы аныкталды. Азыр оору Түркиянын бир нече аймагына тарады.

Айрым түштүк өлкөлөрдө кыш аяктап, канатуулар кайрадан түндүк аймактарга уча баштагандыктан, оору бир топ башка өлкөлөрдө дагы катталды. Жапония жетекчилигинин айтымында, өлкөдө жетимиштен ашык адам куш ылаңынын жумшак түрүн жугузуп алганы аныкталды, Кытайда дагы сегиз адам ооруканага жаткырылды, алардын баары канаттуулар фермаларында иштеген.

Украинанын Кырым жарым аралындагы үч фермада оору башталганы такталды жана 170 миңге жакын тоок өлтүрүлдү. Орусиянын Воронеж облусундагы 14 фермада кеңири текшерүүлөр жүрүп жатат, анткени аларда кармалган тооктор арасында да ылаң башталган сыяктуу. Кариб деңизиндеги Тринидад жана Тобаго деген мамлекетте эки миңге жакын тоок белгисиз оорудан өлгөнү тууралуу 10-январда жарыяланды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Түркияга келген эксперти Гюнел Родиенин айтымында, ооруга чалдыккан канаттууларга адам жакындабаш керек: "Оору жуккан канаттуларга эч бир адам жолобогондой шарт түзүү керек, өзгөчө андай чаралар оору чыккан аймактарда көрүлүүгө тийиш", -деди Родие 9-январда.

Куш ылаңына каршы Швейцарияда "Тамифлу" деген дары чыгарылган, бирок ал жетишпей жатат, андан тышкары, вирус өзү да өзгөрүүдө жана эң коркунучтуусу - ал өзгөрүп отуруп, адамдан адамга жуга турган түргө айланса, анда же эпидемия, же пандемия да башталышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG