Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Дүйнөлүк банк Түркияга отуз миллион доллар бөлгөнгө даяр


Каражаттын баары куш тумоосуна каршы күрөшкө сарпталат. Ошол эле учурда банктын өкүлү Түркиянын бийликтери өз алдынча деле ылаңдын илээсин тапканга жарай турганын айтып,жардам келечекте керек болуп калышы мүмкүн экенин белгиледи. Түркиянын коңшулары болсо куш тумоосунан кооптонуп, чек араларда санитардык көзөмөл иштерин күчөтө баштады. Европа комиссиясы медициналык анализ борборун түзгөнгө эки миллион евро ажыратты. Ылаңдын жайылышын ооздуктоо үчүн Францияда жана Италияда атайын план кабыл алынды. Түркиянын бир катар аймактарында бакма канаттуулар кармап ылаңдаган учурлар аныкталды. Куш тумоосунан адамдар да ноокастап жатышат.

XS
SM
MD
LG