Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Бишкекте көмүр көп жагылып, газ үнөмдөлүүдө


Кыргызстанда өткөн жылга караганда отун-сууга кеткен чыгымдар 5 миллион сомго кыскарууда. Бул жөнүндө бүгүн «Электр станциялары» акционердик коомунун басма сөз кызматы маалымат таратты. От жагууда жаратылыш газын керектөө азайып, көбүнчө көмүр сарпталып жаткандыктан каражаттар үнөмдөлгөн. От жагыла баштаган убактан бери өткөн эки ай ичинде 19 миң тонна көмүр жагылып, көгүлтүр отун 10 млн кубометрга үнөмдөлгөн.

Кыргызстанда жаратылыш газы тартыш болгондуктан жана сырттан келген газдын акысы жогорулап жаткандыктан Бишкек жылуулук электр станциясы негизинен көмүр жагууга өтө баштаганын билдирүүдө. Азыркы учурда «Электр станциялары» акционердик коому газ же мазут кошпой туруп күрөн көмүр жагуу технологиясын сынап көрүп жатыптыр.

XS
SM
MD
LG