Коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү жөнүндө маселе январдын аягында боло турган өкмөт жыйынында каралат. Ага чейин өкмөт атуулдарга, саясий партияларга, бейөкмөт уюмдарга жана кыймылдарга кайрылып жер-жерде коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү чараларын талкуулоого жана аны ишке ашырууга активдүү катышууга чакырууда. Өкмөт кадр саясатынын абалы, мамлекеттик мекеме-уюмдарда орун алган коррупция көрүнүштөрү жөнүндө коомчулуктан пикир-сунуштарды угууга даяр экендигин билдирген.