Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

ПАКИСТАН: КУРМАН АЙТ, АЛАЧЫКТАГЫ ЖАШОО


Курман айт күндөрү Түштүк Азиядагы мусулмандар октябрь айындагы катуу жер титирөөдөн шейит кеткендердин арбагына куран окуп, ырым-жырымын жасоодо. Зилзаланын очогу Пакистанда орун алып, табигый кырсыктан анда 87 миңдей киши мерт болгон. Тоолуу Кашмир чөлкөмүндө үй жайсыз калган 2 миллиондой киши ушу тапта да татаал шарттарда жашап жатышат. Эл аралык уюмдар аларга мусулмандардын Айт күнү мал союп, шейит кеткендерге багыштап дасторкон жаюуга жардам беришти.

Пакистандын түндүк тарабы жана Кашмирде алачыктарда, же башка убактылуу баш калкалаар жайларда күн көрүп жаткан 2 миллиондой киши ушу тапта кышкы сууктун азабын тартып жаткан кез. Анысы аз келгенсип, Курман айт күнү бул жерде дагы бир жер титирөө катталды, анын күчү адистердин айтымында, Рихтер таякчасы боюнча 5 баллдан аз гана ашты. Өткөн октябрь айында күчү 7 жарым баллдан ашкан зилзала 87 миңдей кишинин өмүрүн алган.

Жакындарын жоготуп, кыштын ызгаарында жука алачыкта жашап жаткан элдин маанайы басыңкы, - дейт Пакистандык Кашмирдин борбору Музаффарабаддын акимчилигинде иштеп жүрүп пенсияга чыккан Абдул Мажид.

- Айтты сиз көңүлүңүз ачык, баары жайында болгондо майрамдайсыз. Жер титиреп атса кайдагы майрам? Дагы качан силкинет деп коркуп отурабыз, өмүрүбүздүн коопсуздугу кылдын учундагыдай болуп калды.

Кашмирде адатта Айт күндөрү аялдар ачык түстүү кийимдерди кийип жасанып, бети-башын, колдорун хна жана башка түрдүү табигый боектор менен боеп, балдарын да татына кийиндиришет. Бирок быйыл Музаффарабадда көз жоосун алган түрдүү боектор, ачык түстүү кийимдер анчалык байкалбайт. Күздөгү жер титирөөдө чакан бизнеси банкротко учураган Сахибзада Хусейн өкмөт бөлгөн насыяга кайра кичинекей дүкөн салып алган. Курман айт маалында Пакистандыктар бири-бириникине конокко барып, белекке кийим-кечек бергени салт эмеспи деп, ушул күндөрү соода жүрөбү деп үмүт кылган Хусейн алакан жайат:

- Элдин колунда бирдеме бар болсо майрамдайт эле. Азыр булардын эчтемеси жок отурушат, кайдагы майрам? Дүкөн-базарларда майрамдык кымгууттук жок. Элдин көңүлү чөгүп турганы жүздөрүнөн эле байкалат.

Соңку апталарда Пакистандын түндүгүн жана Кашмир тарапты калың кар басып, жер титирөөдөн кийин алачыктарда жашап жаткан адамдарга эл аралык уюмдар кошумча жууркан-төшөк таратуу менен алек болду. Базарда отурган соодагерлер ушу тапта кардарлар жалаң жылуу кийим издеп жүргөнүн айтышат. Ансыз да географиялык шарты, социалдык-экономикалык жагдайы татаал Кашмирди кыйратып бүлгүнгө салган жер титирөөдөн кийин 3 айдан ашуун убакыт өтсө да, улам кийинки силкинүүлөр элдин тынчын ого бетер алып койду. Ошентсе да, базарда кышкы өтүк издеп жүргөн 17 жаштагы студент Мобашир айткандай, тирүү калгандар өз жашоосун улантуунун жолдорун издөөгө аргасыз.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG