Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

ЭКСПЕРТТЕР КУШ ТУМООСУ ПАНДЕМИЯГА АЙЛАНЫШЫ ЫКТЫМАЛ ДЕП ЭСКЕРТИШЕТ


Куш тумоосу пандемияга айланат деген коркунуч күндөн күнгө өсүүдө. Бирок өкмөттөр жана саламаттыкты сактоо уюмдары тиешелүү чараларды көрө баштаса, эпидемиянын алдын алса болот. Ушундай ой Дүйнөлүк саламаттыкты сактооо уюмунун Токидо өтүп жаткан регионалдык жыйынында айтылды. Түркияда болсо вируска чалдыккан адамдардын саны 20 кишиге жакындады.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун регионалдык директору Шигеру Оми пандемиянын коркунучу күн санап өсүүдө деп эскертти. Конференцияга чейин болсо Оми куш тумоосу Чыгыш Азияда жаңы жыл майрамы жакындаганда көбөйүшү ыктымал деген эле:

Өткөн тажрыйбабызга таянып, Ай календары боюнча белгиленген жаңы жыл жакындаганда куш тумоосунун учурлары көбөйөт деп айта алабыз. Андыктан калктын элементардык гигиеналык эрежелерди сакташы маанилүү. Мындан тышкары эл тоок, өрдөктөргө, өзгөчө алардын өлүктөрүнө жакындабоого, албетте, инфекцияланган же вирустан өлгөн канатууларды жебөөгө тийиш , - дейт Оми.

Куш тумоосунан дүйнө боюнча 80ге жакын адам каза тапты. Алардын көпчүлүгү Түштүк-Чыгыш Азиянын тургундары. Илдет оорулу канаттуулардан жукканы аныкталды. Азырынча окумуштууларда H5N1 вирусу адамдан адамга жугат деген далилдер жок.

Бирок жакында Түркияда бир эле үй-бүлөөдөн эки бала куш тумоосунан көз жумду, дарыгерлер алардын үчүнчү бир тууганы да ошол эле вирустан каза болду деп божомолдошот. Анын анализдери азыр текшерилүүдө. Бардыгы болуп Түркияда дээрлик бир жуманын ичинде 20га чукул киши куш тумоосуна чалдыкты. Бул факт эксперттерди бир топ бейпайга салды.

Түркиянын өкмөтү дарттын жайылышына каршы активдүү чараларды жүргүзүп жатат. Калктан жыйналып алынган канаттуулар өрттөлүүдө, тоок-өрдөктөрдүн этин сатууга, жапайы куштарга мергенчилик кылууга тыюу салынды.

Куш тумоосунан коркуп: тооктор менен ойнобой жатам, -дейт Али аттуу бала..

Бирок Ван аймагында жашаган эл бийликтин иш-аракеттери үзүл-кесил өткөрүлүп жатат деп нааразы болууда:

Мен 3 күн мурун жергиликтүү администрацияга телефон чалып, көчөлөрдө тооктор жүргөнүн, балдар алар менен ойноп жатышканын маалымдаган элем. Бирок тоокторду жыйнап кетүүгө эч ким келген жок, - дейт Женгиз Ышык.

Түркиядагы азыркы кырдаал кооптуу болгону менен, эксперттер вирустун эпицентри болуп Азия кала берүүдө деп санашат.
БУУ илдет менен күрөшүү үчүн кедей өлкөлөргө 1 жарым миллион доллар бөлүп берүүнү чечти.
17-январда Бээжинде донор-мамлекеттердин өкүлдөрү чогулуп, куш тумоосуна каршы чараларды көрүү үчүн каражат топтоо маселесин талкуулашат.

XS
SM
MD
LG