Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

ДҮЙНӨДӨ ӨЗӨКТҮК ЭНЕРГИЯНЫ КӨЗДӨГӨН ӨЛКӨЛӨР КӨБӨЙҮҮДӨ


Мунай менен газдын баасы улам өсүп жаткан шартта, дүйнө мамлекеттери кайрадан өзөктүк энергия өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө кайрылууда. Өнөр жайлуу өлкөлөр ошондой эле өзөктүк энергиясыз алар абага булганыч газдарды бөлүп чыгарууну азайтуу боюнча милдеттемелерин да орундата албасын аңдап биле баштады.

Мындан бир жыл мурда эле дүйнө өлкөлөрүнүн көпчүлүгү энергиянын мунай менен газдан башка булагы жөнүндө анчалык ойлонушкан эмес эле. Бирок, тилекке каршы соңку кездери энергия алып жүрүүчү бул эки заттын наркынын улам өсүүсүнө байланыштуу, эксперттердин аайтымында, өзөктүк энергияны көздөгөн өлкөлөрдүн саны улам көбөйүүдө. Алан МакДональд - БУУнун Атом энергетикасы боюнча агенттиги – МАГАТЭнин аналитиги:

-Өзөктүк энергияны күткөндөр дүйнөдө көбөйүүдө. Биздин баш директорубуз Мохаммед эл- Барадейи жыл сайын МАГАТЭнин мүчөлөрү астында сөз сүйлөйт. Былтыркыга чейин ал өзөктүк кубаттын дүйнөдөгү ордун анчалык жогорулатчу эмес. Былтыр ал биринчи жолу "күтүүнүн күчөшү" деген сөз айкашын колдонду. Менимче бул эң туура аныктама.

Адис кошумчалагандай, электр кубаты мындан туура 50 жыл мурда биринчи жолу Орусиянын Обнинск шаарындагы өзөктүк станциядан өндүрүлгөн. Ушу тапта дүйнө керектеген электр кубатынын 16% атомдук станцияларга туура келет. Учурда дүйнөдө колдонулуп жаткан 440 атомдук реактор бар, дагы 26сы курулуунун үстүндө. Цифраларды улантсак, өзөктүк өндүрүштүн 94%ы өнүкккөн өлкөлөрдө. Маселен АКШда 104 реактор бар, Францияда 59 реактор өлкөнүн электр кубатына болгон муктаждыгын 78% камсыздайт, Жапонияда 55, Орусияда 31, Канада 18, Германияда 17 реактор иштөөдө.

МАГАТЭнин аналитиги МакДональд белгилегендей, ага катар жаңы өзөктүк реактор курууну пландаган мамлекеттердин саны да өсүп жатат:

-Европада 1991-жылдан берки биринчи өзөктүк станция курууну былтыр Финляндия баштады. Канада эки станциясын кайра ишке киргизди жана Кошмо штаттар да өзөктүк энергиянын көбөйүшүн стимулдаштырган айрым мыйзамдарды жаңы эле кабыл алды.

Мунай жана газ баасынын өсүүсү дүйнө өлкөлөрүнүн көпчүлүгүнүн саясий жана экономикалык стратегиясына таасир эткенин башка эксперттер да ырасташат. Девид Баттер Лондондогу "Economist Intelligence Unit" уюмунун энергия боюнча эксперти:

-Менимче өзгөрткөн негизги нерсе- газ баасынын бир топ кымбатташы болду. Бул өнөр- жайда энергиянын жаңы түрүн чыгарууда инвестицияны эмнеге жумшоо керек деген чечимге таасир берип жатканы анык.

Эксперт Девид Баттер кошумчалагандай, дүйнө өлкөлөрү өзөктүк энергияга кайра кайрыла башташында мунай менен газдын кымбатоосунан башка себептер да бар. Андай себептердин бири - кээ бир өнөр жайлуу өлкөлөр өзөктүк эмес энергия саясатын кармоо менен бирге ошол эле учурда абага булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартуу боюнча Киото протоколуна ылайык алган милдеттемелерин орундата албай тургандыгында.

Дагы бир себеп- Европанын өкмөт эксперттерин арасында жалгыз гана газ менен мунайга таянуу чөлкөмдүн өлкөлөрүн саясий шантажга кириптер кылат деген коркунучтун бардыгында. МАГАТЭнин эксперти Алан МакДональд:

-Январдын башында Орусия Украинага газды өчүргөндөгү инцидент дүйнөнүн эсинде. Мындан Европага да таасир тийди, себеби ал Орусиянын газына өтө көз каранды жана мындай жагдай күчөйт деген жоромолдор болгон. Ошол көз карандылыкты азайтуунун жок дегенде көп сезилбей тургандай кылуунун бир жолу - өзөктүк энергияны көбөйтүү.

Өзөктүк энергияга кайрылуудагы акыркы жүйөө коопсуздук менен байланыштуу. Бул тармактын өкүлдөрүнүн айтымында, мындан 20 жыл илгээрки Чернобль алааматынан сабак буга чейин эле алынган. Атүгүл иштетилген өзөктүк отунду тереңдикте кармоо мындан ары проблема эмес.

Өнөр жайлуу гана эмес, өнүгүп жаткан өлкөлөр да азыр өзөктүк энергияга жетүүнү көздөөдө. Мисалы, жаңы курулуп жаткан 26 өзөктүк реактордун 18си Азияда жайгашкан. Алсак Индия электр жарыгынын 3%ын, Кытай 2%ын өзөктүк энергиядан алат жана келечекте бул көрсөткүчтү көбөйтөөрү күтүлүүдө.

Жогорудагы жагдайларды эске алуу менен МАГАТЭ уюмунун аналитиктери 2030 - жылга карата дүйнөдө өзөктүк энергия өндүрүү кубаттуулугу азыркыдан дээрлик эки эсеге көбөйөт деп болжолдойт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG