Израилдин премьер-министри Ариел Шарон бир аптадан бери Йерусалим шаарындагы ооруканада эс-учу жок жатат. Акыркы бир айдын ичинде анын мээсине үч жолу кан куюлду жана бир нече операция жасалды. Доктурлардын айтымында, анын абалы оор жана акыркы күндөрдө эч өзгөрүү болгон жок.