Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Ирактын мурдагы вице-премьер министри Тарик Азиз жакында дүйнөдөн кайтышы мүмкүн


Ирактын мурдагы вице-премьер министри Тарик Азиздин адвокаты Бади Ариф Эззаттын "Ал-Хаят" деген гезитке билдиргенине караганда, Азиз азыр абакта катуу ооруп жатат жана жакын арада каза болушу мүмкүн. Ал азыр 69 жашта. Алманиянын соту болсо кечээ күнү Амин Локман Мохамед деген ирактык адамды жети жылга эркинен ажыратууга кести, ага - Иракта жүргөндө террордук уюмдарга жардамдашкан деген күнөө тагылды. Мохамед 2000-жылы Алманиядан баш калка алган. Испания полициясынын айтымында болсо, үстүбүздөгү аптада өлкөдө жыйырмага жакын адам кармалды, алар "Ал-Каида" уюму менен байланышкан аракеттерди жүргүзгөн.

XS
SM
MD
LG