Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

“Азаттык” үн алгысы аба толкунуна чыкпай калуу коркунучунда


БИШКЕК. “Алмаз” радиостанциясынын жетекчилиги Кыргыз телекомдун жетекчиси Марат Мамбеталиевге кайрылуу жолдошту. Анда Бишкек радиотүйүнүнүн жаңы жетекчиси Калманбет Тобокелов аталган радиостанция ижарага алган жылуулук түйүнү, суу канализациясы жок сарайдын ижара акысын 300 долларга көтөргөнү айтылат. Ошондой эле кайрылууда радиотүйүндүн мурдакы жетекчиси Жумабек Кыдырмышев бул сарайга ижара акысын 300 сомдон эле алып келгендигин, “Алмаз” радиостанциясы“Азаттык” үн алгысын аба толкунуна чыгарып турган республикадагы жалгыз радиостанция экендигин, эгерде радиотүйүн сарайды алып койсо “Азаттык” үн алгысы аба толукунуна чыкпай калуу коркунучун белгилеген. “Алмаз” радиостанциясынын жетекчиси Рустам Кошмуратов бул маселе оң чечилбесе президент Курманбек Бакиевге, Акыйкатчы турсунбай Бакир уулуна, укук коргоочу Турсунбек Акунга кайрыларын билдирди.

XS
SM
MD
LG