БИШКЕК. Көз карандысыз «Лица» гезитинин башкы максаты - азыркы бийликке оппозицияда болуу эмес, өзүнүн оюн эркин айтууну каалаган саясатчыларга мүмкүнчүлүк түзүп берүү. Ушундай көз карашын билдирген гезиттин баш редактору Бермет Букашева шаар прокурорунун эскертүүсүн Акаев баштаган мурдагы бийлик учурунда да болбогон одоно көрүнүш катары сыпаттады. Бул ишке президент Курманбек Бакиев кийлигишпегендигине үмүтү барын билдирди.
Шаар прокурору Учкун Каримовдун айтымында, президенттин макулдугусуз эле анын абийир, ар-намысын коргоого прокуратура мыйзам алдында милдеттүү:
- Президенттин маалыматы бары-жогун билбейм. Биз тиякка ушунча эскертүү киргиздик деп билдирбейбиз да. Мен андайды билбейм.
Ал эми экс-губернатор, Атажурт кыймылынын мүчөсү Анвар Артыков үч саясатчы менен эки журналистке берген эскертүүнү өзүнө каршы ашык сөз сүйлөтпөө максатын көздөгөн бийликтин диктатуралык кадамы катары баалады.
Президенттин маалымат катчысы Надыр Момунов президенттин бул ишке кандайдыр бир тиешеси бар деген көз карашты натура деп эсептеди. Анын айтымында, прокуратура бардык башка юридикалык тараптар сыяктуу эле мыйзам чегинде өз алдынча иш жүргүзүүгө укуктуу.