Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:06

Т. Акун : Прокуратуранын эскертүүсүнө президенттин тиешеси жок


Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясы коомдук ишмерлерди, журналисттерди, мамлекеттик кызматтагыларды, Кыргызстандын бардык атуулдарын жоопкерчиликтүү болууга чакырып, президент Курманбек Бакиевдин эл аралык аброюна доо келтирген аракеттерден карманууну өтүндү. Аталган уюмдун төрагасы Турсунбек Акундун пикиринде, прокуратура органдары тарабынан айрым журналисттер менен саясатчыларга президенттин абийир, ар-намысын коргоо максатында эскертүү жасалгандыгына президенттин тиешеси жок жана президенттик администрация тарабынан андай көрсөтмө берилген эмес. Укук коргоочу прокуратура органдарынын мындай аракеттерин сынга алып, аны өлкө башчысынын эл аралык коомчулуктун алдындагы аброюна шек келтирген кадам катары баалады.

XS
SM
MD
LG