Айрым булактарга караганда доктурлар Шаронду комадан ойгото албай жатышат. Акыркы күндөрдө премьердин абалы жакшырыууда деген маалыматтар пайда болгон эле. Жылдын башында Шарон дун мээсине кан куюлуп, ага 3 операция жасалган. Ошондон бери премьер эсине келе элек.
Анын аралыгында Израилдин өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Эхуд Олмерт АКШнын Жакынкы Чыгыштагы өкүлдөрү менен жолугушту. Тараптар Палестин атвономиясында 25-январда боло турган парламенттик шайлоого байланышкан маселелерди талкуулашты.
Соңку прогноздорго ылайык, Хамас радикал тобу добуш берүүдө чоң ийгиликке жетиши ыктымал. Телавив жана Вашингтон бул фактыны тынчсыздануу менен кабыл алышты. Хамас Израиль мамлекетин таанууга каршы.