Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:44

Сауд Арабиянын бийликтери менен зыяратчылар бейшемби күнкү кырсык үчүн жоопкерчиликти бири бирине жүктөшүүдө.


12-январда шайтанга таш атуу жөрөлгөсү учурунда 360тан ашуун киши тепсендиде калып набыт болду. Саудиянын башкы муфтийи Шейх Абдулазиз ал-Шейх өкмөт тарабынан бардык чаралар көрүлгөн, кырсык үчүн зыяратчылардын өздөрү күнөөлү деп билдирди.
Бирок ажылар өткөн жылдардагы кайгылуу тажрыйбага карабай, падышалыктын бийлиги жаңы тартип-эрежелерди киргизген жок деп ырасташат.

Эл көпүрөдөн өтүү биринчи, экинчи күндөгүдөй эле оңой болот деп, жүгүн кошо алып барган. Мен сүйлөшкөн күбөлөрдүн айтымында, кээ бирлер ошол жүктөргө чалынып, жыгылып, анан тура албай калышкан. Эл көп болгондуктан, алар бири биринин үстүнө жыгылып, тебелендиде калышты, - дейт Араб Ньюс гезитинин редактору Махмуд Ахмед.

Зыяратчылар өздөрү коопсуздукту сактабаса, өкмөт эмне кыла алат, - деп улантат журналист. Анын гезити ажылыкка аттанардын алдында зыяратчыларды өз өлкөлөрүндө атайын даярдыктан өткөрүүнү, ошол курстарды виза алуу үчүн милдеттүү кылуу сунушу менен чыкты.
1990-жылы ушундай эле кырсыктан 1 миң 400дөн ашуун адам каза болгон.

XS
SM
MD
LG