Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:43

ЕВРОПА МЕНЕН АМЕРИКАНЫН АЙБАТЫ ИРАНДЫ КООПТОНДУРБАЙТ


Иран эгер анын өзөктүк программасына байланышкан маселе БУУнун Коопсуздук кеңешине берилсе, Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭ менен кызматташуусун токтоторун билдирди. Мунун алдында Евробиримдиктин үч өлкөсү: Германия, Франция, Британия Тегеран санкцияга кабылышы мүмкүн экенин эскерткен эле. АКШ Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Ирандагы акыркы окуяларды "коркунучтуу" деп атап, европалык үч өлкөнүн соңку кадамдарын колдоду. Апта башында Иран эки жылдан бери тоңдурулуп турган өзөктүк изилдөөлөрүн кайра жандандырууга киришкен болчу.

Европалыктар менен америкалыктардын айбат көрсөткөн соңку сөздөрүнө карабай, Тегерандагы маанай дүрбөлөңгө түшүүдөн алыс сыяктуу. Өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Абдулреза Рахмани Фазлинин айтымында, алардын өкмөтүндө чочулоо жок.

Акыркы эки жарым жылдан бери Евробиримдиктин үч өлкөсү: Британия, Франция, Германия Кошмо штаттардын колдоосу менен Иранды өзөктүк программасынан баш тартууга дипломатиялык жол аркылуу ынандыруу аракетин жасап келди.

Бирок бейшемби күнү Берлиндеги жолугушуусунан кийин ал үч өлкөнүн тышкы иштер министрлери сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелгенин, эми Ирандын маселесин БУУнун Коопсуздук кеңешине өткөрүүгө кезек келгенин белгилешти.

- Иран турумун өзөгөрттү, сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелди. Мындай кырдаалда, менимче, бизде Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин жетекчилигинин чукул жыйынын чакыруудан башка жол жок, - деди Британ тышкы иштер министри Жек Стро.


Британ тышкы иштер министринин айтымында, мындай кийинки кадам – маселени БУУНун Коопсуздук кеңешине берүү.

Европалык министрлердин кадамын Вашингтондон АКШ Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс кубаттады.

Бирок Райс дипломатиялык аракеттер туңгуюкка кептелди деген көз карашты бөлүшкөн жок:

- Бул - дипломатиянын бүтүшү эмес. Мен айрым адамдар дипломатиядан натыйжа чыккан жок деп айтышканын уктум. Жакшы, сүйлөшүүлөрдүн азыркы белгилүү бир баскычы ийгиликке жеткен жок. Бирок биз эми дипломатиянын жаңы баскычына кирдик.

Иран ушул шейшемби күнү акыркы эки жылдан бери токтотулуп турган өзөктүк изилдөөлөрүн кайра жандандырганын жарыялап, уранды байытуу боюнча жайынан МАГАТЭнин эксперттери койгон мөөрлөрдү алган эле.

Байытылган уранды өзөктүк отунду өндүрүү же өзөктүк курал жасоо үчүн да колдонууга болот.

Өлкөнүн тышкы иштер министри Манучехр Моттакинин айтымында, эгер маселе БУУнун Коопсуздук кеңешине өткөрүлсө, анда алар өзөктүк жайларын эл аралык эксперттер эскертпестен келип текшерүүсүнө жол бербейт жана уранды байытуу ишин кайра баштайт.

Ал эми Ирандын мурдагы президенти Али Акбар Хашеми Рафсанжани соңку окуяларды мындайча комментарийледи:

- Маселе азыр олуттуу болуп калды, кульминациялык чекке чыкты. Менимче, мунун негизинде алардын оторчул менталитети жатат. Батыш өлкөлөрү башка мамлекеттер, өзгөчө ислам өлкөлөрү жаңы технологияга ээлик кылуусун көздөбөйт, алардан бир нече кадам артта жүрүшүн каалайт.

Европалык министрлер Бириккен Улуттар уюмунан Иранга каршы кандай санкцияны көздөшү мүмкүн экенин ачык айтпады. Франция өз тарабынан Иранды жазалоо жөнүндө кеп кылуу азырынча эрте экенин билдирген.

БУУнун Коопсуздук кеңешинде резолюция туруктуу беш мүчөнүн бири вето койсо эле өтпөйт. Ошондой туруктуу мүчөлөрдүн ичинен Орусия Иран менен энергетика чөйрөсүндө кызматташууда.

Бирок Москва бул жолу Ирандын өзөктүк изилдөөлөрдү кайра жандандыруу жөнүндөгү чечимине канаатанган жок.

- Биз эгер Иран мораторийге кайтса, туура кадам жасамак деген ишенимдебиз. Мындай чечим жок болгон шартта жардам көргөзүү боюнча буга чейинкидей аракеттерди улантуу биз үчүн чындап эле кыйын болот, - деди орус тышкы иштер министри Сергей Лавров.

БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчөлөрдүн дагы бири - Кытай кайсы бир мамлекетке каршы санкция киргизилишине такай каршы болуп келе жатат.

Анын үстүнө Кытай ушул тапта өзү керектеген мунайдын көп бөлүгүн Ирандан алат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG