Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

ИРАН ӨЗӨКТҮК БОМБАНЫН ИРЕГЕСИНДЕБИ ЖЕ ЖОКПУ?


Иран соңку эки жыл бою токтоп турган турган өзөктүк изилдөөлөрүн кайра жандандыруусу Кошмо Штаттар менен Европанын тынчын алууда. Алар Тегерен тынчтык максатта делген программасына жамынып алып, өзөктүк курал жасоодо деп кооптонушат. Дегеле Ирандын өзөктүк курал чыгаруу мүмкүнчүлгү канчалык? "Азаттык" жана "Эркин Европа" радиосунун Вашингтондогу кабарчысы Роберт Макмахондун ушул багыттагы суроолоруна өзөктүк куралды жайылтпоо багытында иш жүргүзгөн америкалык мурдагы жогорку даражалуу расмий өкүл, азыр Карнеги фондунун Москвадагы кеңсесинин директору Розе Готтемюллер жооп берди.

Азыр Иран өзүнүн өзөктүк программасында "кызыл сызыктан" өткөнү талкууланууда. Ирандын өзөктүк бомба жасоо жөндөмү мөөнөт жагынан караганда эмнени билдирет?

- Өзөктүк изилдөөлөрүн кайра баштоо, кээ бир эксперименттеринен мөөрлөрдү алып салуусу жана изилдөлөөрүн тереңдетүүгө кадам шилтөөсү алар кесип өткөн "кызыл сызыктын" катарында. Анткен менен, менимче, Иран Түндүк Корея менен бирдей деңгээлде эмес экенин моюнга алуу маанилүү.

Түндүк Корея сегиз же тогуз бомбага жетээрлик плутонийди буга дейре эле өндүрүп койгон. Биз билгенден Иран азырынча өтө байытылган уранды же плутонийди өзөктүк бомбага жеткидей өлчөмдө чыгара элек. Адатта бул 25 килограмм өтө байытылган уран же болжол менен сегиз килограмм плутоний.


Иран өзөктүк куралга 2007-жылдын орто ченине карата ээ болуп калат деген эсептөөлөр болгон. Мындай маалыматты Израилдин чалгын кызматы бир нече ирээт келтирген. Ушул эсептөөгө баары эле макулбу?

- Мен айтаар эле бул маселеде реалдуу мунаса жок. Израилдиктер өз эсептөөсүнө бекем ишенет жана бул - жакшы эсеп. Мен муну окуя эң жаман жагынан аяктагандагы тенденция деп ойлойм.

Ал эми америкалык чалгынчылар эң соңку ирээт 2011-2015-жылдар деген божомолун берди. Менимче, биз баардык эсептөөлөргө олуттуу көңүл буруп, буга болушу мүмкүн иш катары карашыбыз керек. Израилдин 2007-жыл деген эсебин да көңүлгө алуу керек, бирок башка бир катар эсептөөлөр бар экенин ойдон чыгарбоо зарыл.


Иран өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөөрүн утур-утур айтып келүүдө. Тынчыздануулар эмнеде улам чыгып жатат?

- Эң негизги кооптонуу - Иран жашыруун жабдуулардын кеңири түйүнүн жараткандыгында. Аларды жашыруу үчүн жер алдында өрттөгөн кадамдарга барууда. Башкача айтканда аларды спутник аркылуу табууну татаалдантууда жана бул 18 жылдан бери уланып келди. Демек өзөктүк куралды жайылтпоону көздөгөн жамаат үчүн алардын оюнда олуттуу нерсе бар экендиги түшүнүктүү.

Менимче, тынчсыздануунун эң башкы булагы ушул. Эмне үчүн Натанз деген жерде центрифуга чыгаруучу мынчалык чоң завод курушту? Эгер өзөктүк программасын тынчтык максатта гана колдонуу жөнүндө айтып жатышса, анда буга чейин эле куруп койгон жана андан соң жер алдында көмүүгө аракеттенишкен килейген заводдун зарылчылыгы жок эле.


Иран азыркыга чейинки ишинин үзүрүн көргүдөй чекке жакындап калды деп айтууга болобу?

- Адамдар бомбанын моделин интернеттен издеп таап, каалаган күнү өзүң эле билип аласың деп айтканды жакшы көрүшөт. Бул эми өтө эле үстүртөн кеп козгондук.

Чынында бомба жасоо металлургиядан, электроникадан жана башка көп тармактан олуттуу билимди талап кылат жана ошондой эле команданын башын бириктирүү зарыл. Бул бир нече техникалык баскычтарды талап этет, долбоор ишке ашканга чейин түрдүү тармакта бир нече сынак өткөрүү абзел .

Андыктан, Иран эгер бомба жаратуунун жолунда болсо, менин ишенимимде, ал азыр ошол команданы куруу жараянында гана турат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG