Линктер

жекшемби, 18-август, 2019 Бишкек убактысы 12:44

ТИГҮҮ ӨНДҮРҮШҮ КӨЛӨКӨДӨН ЧЫГАРЫЛА БАШТАЙТ


Тигүү өнөр жайын көмүскөдөн чыгарууга кыргыз өкмөтү чындап кирише баштагандай. Бул тармакта ишкерлердин салыгын жөнөкөйлөтүү тууралуу өкмөт өткөн айдын аягында чечим чыгарган.

2005-жылдын март айында Орусиянын бажы кызматы «Кыргызстанда жасалган» деген жарлык тагылган кийим-кечектерди чек арадан алып кирүүгө тыюу салгандыгы белгилүү. Анткени, Кыргызстанда тигилген товарлар тууралуу расмий маалыматтар менен фактылар дал келбегендиктен улам, Орусиянын бажы кызматкерлери муну Кытайдын товарлары Кыргызстандыкы деген жарлык менен өздөрүнүн базарларын каптап жатат деп түшүндүрүшкөн. Мына ушундан улам, тигүү өнөр жайын ачыкка чыгаруу демилгеси өндүрүшчүлөрдүн өзүнөн келип чыккан. Бул тууралуу айтымында тигүү өндүрүшүн ачыкка чыгаруу зарылчылыгы келип жеткен эле:

-Өнөр жайдын көлөмүн өстүрүү, көбөйтүү үчүн товарды экспортко чыгаруу керек. Экспортко чыгаруу үчүн ошол товарды сен чыгарганың тууралуу тастыктаган документ болууга тийиш. Мына ушул себептен тигүү өндүрүшүн ачыкка чыгаруу зарылчылыгы келип чыкты,- дейт жеңил өнөр жайчылар ассоциациясынын жетекчиси Сапар Асанов.

Тигүү өнөр жайын көмүскөдөн чыгаруу, Сапар Асановдун айтымында, коррупция менен күрөшүүгө, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө карата алгачкы кадам болуп саналат:

-Биринчиден коррупцияга бөгөт коюлат. Экинчиден, мамлекеттик бюджетке акча түшөт. Тигүү цехтеринде иштеген жумушчулар пенсияга чыгуу укугуна ээ болушат жана тиешелүү өлчөмдөгү эмгек акыларын алышат. Баарынан да, биздеги жумушсуздар армиясы азайып, эл жумуш менен камсыз болот. Мен ойлойм, дагы беш жылдан кийин Кыргызстандын өнөр жайынын 50% тигүү өндүрүшү ээлеп калат.

Адистердин айтымында Кыргызстандагы тигүү өндүрүшү экспортко товар чыгарган жалгыз тармак болуп калууда. Бул тармакта даярдалган кийим-кечектердин 90% экспортко кетет. Өнөр жай, соода жана туризм министринин орун басары Сабырбек Молдокуловдун айтымында, дал ушул жагдай бул тармакты ачыкка чыгарууга негиз болуп берди.

Кыргызстанда тигилген товарлар негизинен Казакстан жана Орусияда сатылат. Кыргызстандык мигранттардын «Замандаш» ассоцициясынын маалыматы боюнча, бул тармакта өндүрүлгөн товарлардан 2004-жылы эле Кыргызстанга 100 млн доллардан ашуун инвестиция келип түшкөн. «Замандаштын» жетекчиси Мухтар Өмүракуновдун айтымында, Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар эми Белоруссиялык жана Германиялык керектөөчүлөрдү кызыктыра баштады:


-Буга чейин биз Казакстан жана Орусия менен иштешип келе жатканбыз. Жакында Белоруссиядан, Германиядан кат алдык. Алар бизге чогуу бизнес-долбоор түзүп, Кыргызстанда тигилген товарларды Германиядан сатсак деген сунуштары менен кайрылып жатышат.


Кыргыз өкмөтүнүн тигүү өнөр жайын ачыкка чыгарууну шарттаган атайын токтомго ылайык, бул тармакта иш алып барган ишкерлер төлөөчү салыктын түрлөрү азайтылган жана бир топ жөнөкөйлөтүлгөн. Токтомго ылайык, тигүү цехинин ээси 10 даана тигүү машинасы үчүн айына 1000 сом, ал эми ар бир иштеткен жумушчусу үчүн 150 сомго патент алат. Бирок, ишкерликти колдоо фондунун вице-президенти Татьяна Кимдин айтымында, мындай шарт тууралуу учурда өзгөртүү киргизилип жаткан салык кодексинде айтылган эмес. Өнөр жай, соода жана туризм министринин орун басары Сабырбек Молдокуловдун маалыматы боюнча, бул маселе учурда өкмөт тарабынан каралууда.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG