Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:24

Баткен облусу менен Өзбекстандын Сох анклавынын чегиндеги кырдаал жөнгө салынды

БАТКЕН. 13-январь жума күнү Баткен районуна караштуу Согмент айылынын тургундары кыргыз-өзбек чегине нааразылык талаптары менен чыгышкан. Согмент аксакалдары айыл башчысы менен Баткен районунун акими Алияр Имаров жана райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Таалай Акбаев менен болгон сүйлөшүүдөн кийин абал өз калыбына келди. Бул тууралуу Согмент айылынын тургуну Абды Нышанов 14-январда Азаттыкка билдирди.Эске сала кетсек, Согмент айылынын тургундары Баатыр Жороев жана Орозали Уралиев 12-январда Кушяр өзбек айылы аркылуу автомашинада өтүп бараткан учурда өзбек атуулдары тарабынан катуу токмок жешкен. Учурда жабырлануучулардын бирөөсү Орозалы Уралиев Баткен ооруканасында дарыланууда. Ал баш сөөгүнөн катуу жарат алган. Баткен райондук ички иштер бөлүмүнөн алынган маалыматка таянсак, өзбек тарап кеткен материалдык жана моралдык зыяндарды төлөп бере турган болду. Өзбекстандын Сох райондук ички иштер башкармалыгы бейбаштык кылышкан өзбек жарандары суракка алынып, өз жазаларын алышарын билдирген.
XS
SM
MD
LG