Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

БУШ МЕНЕН МЕРКЕЛ ИРАНДЫ ӨЗӨКТҮК ДОЛБООРУ ҮЧҮН СЫНГА АЛДЫ


Жаңыл Жусубжан, Прага шаары Германиянын канцлери Америка Кошмо Штаттарына барганда, АКШ президенти менен анын сүйлөшүүлөрүнүн чордонунда Ирандын өзөктүк программасы маселеси болду. Ирандын өзүндө болсо бул программага карата карапайым элдин арасында бир беткей пикир жок экендиги байкалат.

Германиянын канцлери Ангела Меркел жана АКШнын президенти Жорж Буш Иранга ал Бириккен Улуттар уюмунун каалоосун көзгө илбей койо албай тургандыгын дүйнө мамлекеттери чогуу эскертиши керек деген бүтүмгө келишти.

Вашингтондо13-январда жолугушканда, Меркел менен Буш маселени Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине билдирүүгө мезгил жеткендигин, бирок Иранга кандайдыр-бир санкция киргизилиши керек экендигин айтуу али эрте экендигин белгилешти.

Мен Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши эмне кылышы керек экендигин алдын ала айта албайм, бирок дипломатиялык макулдашууларды бузган өлкөнүн иши Коопсуздук Кеңешинде каралышы керек эмеспи, - деди президент Буш.

Ал эгерде Иран "өзөктүк куралга ээ болсо, анда дүйнөнүн коопсуздугуна зор коркунуч келтирет" деди. Меркел айым болсо "Биз Иран сыяктуу өлкө коркутса эле, коркуп калбайбыз" деп билдирди.

Жума күнү (13-январда) Ирандын тышкы иштер министри Манучехр Моттаки (Manouchehr Mottaki) эгерде өлкөнүн иши Коопсуздук Кеңешине чейин жетсе, анда Тегеран Эл аралык атомдук Энергетика Агенттиги (МАГАТЭ) менен кызматташттыгын токтотууга мажбур болот деди.

Ал эми Ирандын МАГАТЭдеги жаңы өкүлү Алиаскар Солтание Батыштын өзөктүк изилдөөлөргө коюп жаткан чектөөлөрүн сынга алды. Кризис 10-январда Иран өзөктүк изилдөөсүн эки жылдан кийин кайра баштагандан кийин кайра курчуду.

Батышта кыйла кыжаалатты жараткан бул кризисти Ирандын өзүндө калайык кандай кабыл алышууда? Мамлекеттик жетекчилер өлкөнүн тынчтык максаттагы өзөктүк изилдөөсүн эл колдойт, анткени бул - улуттун кадыр-баркын көтөрөт деп ишендирип келишет. Бирок Ирандын айланасындагы карама-каршылыктын күч алышы жергиликтүү калктын бардыгын эле кубанткан жок.

Сиамак - тегерандык ишкер, Ирандын башка чоң шаарларына каттап турат. Ал «Азаттыктын» кабарчысына эл аралык кысымга карабастан, Иранда карапайым тургундардын арасында пикирлер ар кыл экендигин айтты. Ошол элемезгилде Сиамак эгерде Ирандын өзөктүк программасы Коопсуздук Кеңешинде каралчу болсо, анда өлкөгө каршы санкциялар киргизилет ко деп чочулайт.

- Санкциянын жүгү карапайым тургундардын мойнуна түшкөн эле түйшүк болот, - деп капаланат ишкер.

Ал эми 18 жаштагы Шадан айым Ирандын түндүгүндөгү Келардашт шаарынан. Ал «Азаттыкка» Ирандын өзөктүк программасы согуштук максатты көздөйт деп эсептээрин, ошондуктан, бул программага каршы экендигин билдирди.

Иран өкмөтү өзөктүк долбоор тек гана тынчтык максатты – эл чарбасы үчүн зарыл өзөктүк отун өндүрүүнү гана көздөйт, деп келет. АКШ болсо Иранды өзөктүк курал өндүрүү мүдөөсүн көздөп жатат деп айыптоодо.

XS
SM
MD
LG