Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:21

ОРУСИЯЛЫК ГЕЗИТТЕР: КАЗАК ПРЕЗИДЕНТИНИН ИНАУГУРАЦИЯСЫ, БЕСЛАН ТРАГЕДИЯСЫНА ТИЕШЕЛҮҮ ЖАҢЫ КАБАРЛАР


Төрөкул Дооров, Москва. Орусияда 31-январдан тарта башталган жаңы жылдык дем алуу мезгили январдын онуна чейин созулду. Бул күндөрү өлкөдө бир да жалпы федералдык гезит-журнал чыккан жок. Анткен менен маалымат мейкиндиги кабарсыз калды деп айтуу кыйын. Соңку үч эле күнү басылган гезит-журналдарда «Борбор Азия» темасы байма-бай берилип турду. Андан сырткары, Беслан трагедиясы боюнча жаңы кабарлар айтылды.

Ушул шаршембиде Астанада Казакстандын жаңы-эски президенти Нурсултан Назарбаев үчүнчү ирет президенттик кызматка ырасмий түрдө киришти. Анын инаугурациясына келген чет-өлкөлүк коноктордун саны Казакстан тарыхында алгачкы ирет рекорддук санда болгону улам эле айтылып жатты.

Казак президентинин ант берүү аземине кайрылбаган басылма болгон жок. Бирок гезиттер бул окуяны чагылдырууда ар кимиси ар башка жагдайларга басым жасашканы билинип турду. Мисалы, «Коммерсант» менен «Известия» Назарбаевдин бул жолку инаугурациясы анын алкактуулугу жана салтанаттуулугу боюнча орусиялык президент Путиндикине окшош болгонун белгилешсе, «Независимая газета» бейшемби күнкү макласында «бул жолу кытайлыктар орусиялыктарды озуп кетишкенине» көңүл бурду. Айта кетели, Астанага бул күнү жалпысынан алты постсоветтик мамлекеттин президенттери жана ондогон мамлекеттердин ырасмий өкүлдөрү келишкен. Алардын арасында, мисалы, кытайлык делегация баарыдан мурда келип, «ишин бүтүрүп алышкан» деп жазды басылма.

Орусиялык делегацияны мамлекет башчы Владимир Путин жетектеди. Чынында, постсоветтик башка мамлекеттердин президенттеринин ант берүү аземдерине буга чейин Путин барчу эмес, ал өзүнүн жардамчысын жиберчү. «Бирок бул жолу ал өзү Астанага келип олтурушу да көп нерседен кабар берет» деп ишенет «Независимая газета».

«Время новостей» жума күнкү санында «Президенттер ушинтип достошушат» деген макаласын жарыялады. Анын автору Аркадий Дубнов Путин менен Назарбаевдин сүйлөшүүлөрүнө кайрылат. Аларда айтылгандай, өткөн жылы Казакстан менен Орусия президенттери 10 жолу жолугушуптур, ал эми жаңы жылда эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 10 млрд.долларга өскөнү турат» деп бул «10» деген «бактылуу санга» басым жасайт автор.

«Орусия-Казакстан сүйлөшүүлөрү Евразиялык банк түзүү чечими менен аяктады» деп жазган «Независимая газета» жума күнү бул чечимди «КМШ алкагында Дүйнөлүк банкка окшош структура түзүү аракети» деп атады.

Бул тема «Московский комсомолец», «Труд», «Новые известия», «Российская газета» жана дагы бир катар башка басылмаларда да айтылды.

Орусияда уюлдук телефондорду сатуу боюнча ири ишкана «Евросеть» кыргыз базарына кире баштады деп кабарлады шаршембиде «Коммерсант». Кабарда айтылгандай, «Евросеть» Бишкекте азырынча беш салонун ачты, бирок жыл этегине чейин бул көрсөткүчтү ишкана эки эсеге көбөйтүнүн пландаштырып жатат.

Бүгүнкү күнү «Евросеть» КМШ аймагындагы дагы үч мамлекетте – Украина, Беларусь жана Казакстанда – иштейт.

Аптанын дагы бир негизги окуяларынын бири Беслан трагедиясы боюнча сот ишиндеги кабар менен байланыштуу болду. Бейшембиде Бесланда Жогорку Сотто мектептеги барымта окуясына тиешеси бар жалгыз тирүү калган жикчи Нурпаша Кулаевдин иши боюнча сот жараяны улантылды жана ага алгачкы жолу республиканын экс-президенти Александр Дзасохов катышып, тергелди. Дзасоховдун сотко келишин талап кылгандар көп болчу, бирок ал буга чейин баардык чакырыктарды четке кагып келген. «Бирок бейшемби күнү Түндүк Осетиянын мурдагы президенти сенсациялык билдирүүлөрдү жасады» деп жазды жума күнү «Независимая газета».

«Сот учурунда Александр Дзасохов республикада кырдаал татаалдашып кетиши мүмкүн экендигин бир канча ирет өлкөнүн жетекчилигине айтканын билдирди. Ал эми барымта окуялары учурунда эки ирет Лондондо жүргөн Ахмед Закаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтты» деп жазат гезит.

Закаев - чечен жикчилеринин ал кездеги лидери Аслан Масхадовдун Лондондогу өкүлү. Дзасоховдун айтымында, 3-сентябрь күнү Москвада күндүзгү саат 12 лерде Закаев «Масхадов Бесланга учуп барганга даяр» экендигин билдирген экен. Бирок андан бир сааттай убакыттан кийин федералдык күчтөр мектепке чабуул жасашканы белгилүү.

Кабарчынын айтымында, «Дзасохов сотко кылдат даярдык менен келгени байкалды. Өзү толкунданып турганына карабай, баардык суроолорго ишенимдүү жооп берип жатты» дейт кабарчы.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG